Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 22.08.2018 16:24

Чоң-Алайда тигүү цехи ачылып, 40 аял жумуш менен камсыз болду (сүрөт)

Turmush -  Чон-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Дароот-Коргон айылында 40 орундуу тигүү цехи ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Ачылыш иш-чарасына райондун акими Жумадилла Жапаров, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты. Цех пайдаланууга берилгенден кийин 40 кыз-келин жумуш менен камсыз болду. Алар жакында «Чоң-Алайда өндүрүлгөн» деген белги коюлган кийим-кечелерди чыгарууну көздөп жатышат.

Тигүү цехин курууга демөөрчүлөр тарабынан 4,5 млн сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×