Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 23.08.2018 22:11 На русском

Кашка-Суудагы көчө жарыктандырылып, жайытка барчу жолго көпүрө курулду (сүрөт)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылында 2,5 чакырым жолго түнкү чырактар орнотулуп, көпүрө салынды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Салайдин Бакиров аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом бөлүнгөн.

«Быйыл айыл өкмөттөгү 5 чакырым жол жарыктандырылат. Жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом бөлүнүп, учурда 2,5 чакырым жолго толугу менен электр лампалары орнотулду. Муну менен катар айылдагы жайытка баруучу жолго да көпүрө салынып, пайдаланууга берилди. Көпүрөнүн узундугу 6 метр, туурасы 3 метрди түзөт. Буга чейин жайытка барчулар эски көпүрөнү колдонуп келишкен. Быйыл жаңы, бардык талаптарга жооп берген көпүрө курдук», - деди С.Бакиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×