Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 15.10.2018 10:20 На русском

Кыргыз-тажик чек арасында эки жолу жер титиреди

Turmush -  Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында кечээ, 14-октябрда саат 11:15те очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жабыркагандар жана кыйроолор жок, деп билдирди ӨКМ.

Жер титирөө Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак, Шибээ, Жар-Башы, Дароот-Коргон, Чак, Кулчу, Кызыл-Эшме, Жаш-Тилек, Ачык-Суу айылдарында 4 баллга, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Кабак, Кара-Тейит, Кабык, Кашка-Суу айылдарында жана Алай районунун Сары-Могол айылында 3 баллга, Чоң-Алай районунун Эгин-Жай, Арча-Булак айылдарында жана Алай районунун Талды-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 14-октябрь күнү саат 13:12де Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен экинчи жер титирөө катталды. Анын күчү Чоң-Алай районунун Кара-Шыбак, Шибээ айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×