Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 17.10.2018 10:19

Талдык ашуусунда кар жаап, кышка даяр эмес унаалар токтоп турат

Turmush -  Ош—Эркеч-Там жолундагы Талдык ашуусунда кар жаап, учурда 4 «КамАЗ», 2 «Хендай Портер» унаасы өтө албай турат. Учурда жеңил унаалар гана өткөрүлүп жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматы №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери 2 техниканын жардамында жолду тазалап жатканын билдирди. Ал эми аталган ишкананын башчысы Медербек Маткасымовдун айтымында, жолго кум себилип жатат.

«Жумушчуларыбыз түнкүсүн жөнөп кетишкен. Учурда техникаларыбыз иштеп жатат. Өзүнө ишенбеген айдоочулар гана унааларын токтотуп коюшкан. Учурда жол ачык, 17 см кар жаады. Кызматкерлер тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Биздин ишканага Ош—Эркеч-Там жолунун 150-чакырымынан 260-чакырымына чейинки аралык карайт», - деди ал.

-----------------------------------------------------------------------

Талдык ашуусу Алай кырка тоосунда жайгашкан. Тагыраак айтканда, Ош—Эркеч-Там, Ош—Хорог (Хорог шаары — Тоолуу Бадахшан облусунун административдик борбору) унаа жолундагы жаратылышка көрк берип турат.

Бул ашуу аркылуу Чоң-Алай районуна катташат. Анын бийиктиги 3615 метрге жетип, ага чыгуучу жолдо 12 айланма бар. Ленин чокусуна каттаган туристтер, алыстан жана жакындан келген меймандар Талдык ашуусунун кооздугун белгилеп, сүрөткө да тартып алышат.

Сүрөттөр Канат Шарипбековго таандык:


талдык44

талдык

Талдык

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×