Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Талас облусуТалас району 16.11.2018 09:40 Жаңыланды: 19.04.2019 17:36

Айыл турмушу: Таластык С.Кубатбеков жылына кыштардан 30га жакын очоккана салат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Кара-Суу айылынын 27 жаштагы тургуну Самат Кубатбеков 4 жылдан бери үнөмдүү жана заманбап очокторду жасап, үй-бүлөсүн багып келет. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистигине ээ.

«Заманбап очокторду 2014-жылдан бери жасап жүрөм. Кемегелерди салууну Союзбек деген таякемден үйрөнгөм. Ал киши дагы ар тармактуу уста киши. Алгачкы эмгегимди Бишкекте жасагам. Ал ийгиликтүү болгон. Ошондон бери буйрутманын аягы тыйылбайт. Бул кемегелер биринчиден отунга үнөмдүү, экинчиден ашыкча түтүн чыгарып, түтөп жүдөтпөйт. Үчүнчүдөн кооз болот. Газ стилиндеги система менен курулат. Түтүн чыгуучу морлор капталына жайгаштырылып, эч кандай газ түтүкчөлөрү кошулбайт. Болгону тиби ошондой болуп курулат жана казандын түбүнө от тегиз тиет дагы, казандын ичиндеги тамак-аш заматта кайнайт. Мештер бышкан кыштын (кирпич) таблетка деген түрүнөн тургузулат. Алар чакан өлчөмдө болот. Бирөөсү 10 сомдон сатылат. Кардарларга айтып эсептеп берем. Мисалы, 3 очок болсо ага 500 кыш керектелет. Эшиктери, тосмолору жана башкалары деп жазып берем. Бардык материалдары даяр болгондо 2 күндө заманбап очок даяр болуп калат. Кардарлар отунга үнөмдүү жана сапаттуу болгонун айтып ыраазы болуп, телефон чалышат. Буйрутмалар Бишкектен жана Таластан көп болот.

Бардык жумушту сыртынан караганда жеңил көрүнөт. Күндүн ысыгы-суугу дебей жасайм. Кээ бир жерлерде очоккананын айнек, эшиктери салына элек болот. Айнектен кирип, эшиктен чыккан жел ден соолукка кооптуу. Жай мезгилинде буйрутмалар азыраак болот. Күзүндө жумушум күчөйт. Анткени элдин түшүмдөрү жыйналып, тыйын-тыпырлуу болуп, кимдир бирөөнүн кызы турмушка чыгат же баласы үйлөнөт. Эшикке тулга коё салып, от жагайын десе жаан-чачын болуп калат. Анан очок жасатышат.

Сыртын болсо оймосу түшүрүлгөн кафелдин жардамы менен кооздоп берем. Бишкектен көбүнчө 80 сомдук кымбатыраак жана жалпак кирпичтер менен кооздотушат. Анысы кардардын табитине жараша болот. Жакынкы күндөрдөн бери Жоодар деген жээнимди жаныма кошуп алып, ага дагы үйрөтүп жатам. Жылына 30дай очок куруп коем», - деди ал.

Самат мырза 1 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×