Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуТалас району 11.12.2018 09:26 Жаңыланды: 18.04.2019 19:19

Айыл турмушу: Таластык Э.Жунушова токуган кийимдерди көргөндөр таң калып кетишет (фото)

Turmush -  Талас районундагы Ак-Жар айылынын 54 жаштагы тургуну Эркин Жунушова 15 жылдан бери кийимдерди токуп сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Козучак айылында чоңойгон. Кол өнөрчүлүккө болгон шык таенесинен өткөн.

«Кыз күнүмдөн эле колум жөндөмдүү болуп чоңойдум. Чеберчилик таенемден калса керек деп ойлоп калам. Ал адам айыл ичиндеги алдыңкы чебер айымдардан болгон экен. Ошол адамдын жолун жолдоп, азыркы кезге чейин кийим токуу менен алек болуп келе жатам. Башында балдарым үчүн деп жасап, кийимдерин кооз кылып токуп кийгизип койчумун. Ошондон кийин эле аракет кылып токуп баштадым. Мурдатан эле бул ишке аралашып жүргөндүктөн бат эле өздөштүрүп кеттим десем болот. Алгач жакын коңшу-колоңдордон буйрутма тынбай түшүп турду. Акырындык менен буйрутмаларды да көп ала баштадым. Азыр айыл тургундары, жаш келиндер көп кайрылып турушат. Кийимдерди кадимки жиптерден эмес, атайын түктүү жиптер менен токуйм. Ал жиптердин 100 гр 170 сомдон буйрутма менен сатып алам. 1 кийимди токуу үчүн 2 кг түктүү жип кетет.

Токуган кийимдер ар кандай баада сатылат. Эң кымбаты кышкы 4 миң сомдук пальтолор. Атайын чыптамаларды 2,5 миң сомдон, балдардын жемпирлерин 1000 сомдон, баш кийими менен куртканы 2 миң сомдон, байпактарды 400 сомдон токуп сатам. Бир кийимди 1 жума ичинде токуп бүтүрөм. Ал эми кичинекейлердин кийимдерин 2 күн ичинде эле токуп бүтүрөм. Көнүп калгандыктан эч кандай деле кыйынчылыгы жок. Кадимки эле шиш менен токуйм. Бул токуу иши мен үчүн атайын бир кесип. Ар бир кесип ардактуу дегендей, кесибим өзүм үчүн ардактуу. Кылган ишимди кайсыл адам көрбөсүн суктанат. «Чын эле сиз токудуңузбу?» деп таң калышат. Мени тартып, кызым дагы чеберчиликке жакын. Өзүнүн кийимин өзү токуп кийип алат», - деди ал.

Эркин айым 5 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×