Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуЧоң-Алай району 27.12.2018 17:15 На русском

Чоң-Алайда эки спорт зал жана ФАП ачылды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 26-декабрь күнү Чоң-Алай районунда 3 жаңы имарат ачылды. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз катчысы Сапура Мамытова билдирди.

Анын айтымында, Кашка айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылында ФАП, Жайылма жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Чак айылына спорт зал курулду.

«ФАПтын курулушу 2017-жылы башталып, жергиликтүү бюджеттен 3 млн 891 миң сом бөлүнгөн. Буга чейин бул айылда эмкана болгон эмес. Ал эми Жайылма айылындагы спорт залдын курулушун инвесторлор каржылап, 9 млн 825 миң сом сарпталды. Чак айылындагы Көк-Суу орто мектебинин спорт залынын курулуш иши 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланды. Анын сметалык баасы 13 млн 500 миң сомду түзөт», - деди Мамытова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×