Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Талас облусуКара-Буура району 09.01.2019 10:10 Жаңыланды: 19.04.2019 16:25

Жубайлар: Кара-бууралык С.Үзөналиева таанышууга «авторитет» унаа менен келген Э.Карабаевге турмушка чыккан (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кайнар айылындагы жубайлар Эмилбек Карабаев менен Салтанат Үзөналиева «авторитет» унаа менен келип баш кошушкан. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Өздөрүнүн айтымында, 1993-жылы үйлөнүшкөн.

Салтанат айым: Мен 1971-жылы Бакайыр айылында төрөлгөм. Айылда чоңоюп, мектепти бүтүп, турмушка даяр болгондо жолдошум менен баш кошком. Ал убакта бирөөгө бирөө себепкер болот эле. Жолдошумдун эң улуу эжесинин келини менин курбу кызым болчу. Жолдошум менен ошол курбум аркылуу таанышкам. Ошол убакта мектепте иштечүмүн. Бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарын толтуруп, директордун кол тамгасы керек болду. Ал убакта телефон жок болчу. Баягы курбум келип, «бир тууган таякемди алып келдим, унаасы менен барып, кол койдуруп келип, анан таанышып койчу» деди. Мен болбойт десем, «таякем тээ алыстан бензин коротуп келип жатса...» деп жатып көндүргөн (күлүп). Ал убакта «Волга», «Жигулилер» «авторитет» унаалар болуп жаткан эле. Жолдошум ошондо «Жигули» менен келиптир. Мейли деп апамдарга айтпай жумушум менен деп чыгып, унаага отурдум. Көчөнүн аягында бак бар эле. Ошол жакка барып таанышып, сүйлөшүп туруп кайра келе жатканда «түшүрүп койгула» десем түшүрбөй коюшкан. Ошентип, «авторитет» «Жигули» унаа менен келип, баш кошуп калганбыз.

Жолдошум турмуш кургандан соң 3 күнгө чейин жакшы кийимдерин кийип жүргөн эле. 4-күнү эле жумушка кийген кийимдерин кийип чыкса кайын эжеме «жолдошум кинодогу актерлорго окшош го» деп күлгөм. Ал болсо «кой антпе» деп калган. Көрсө ошол учурда кайын журтум кайын агама там салып жатышыптыр. Ошого жумушка кийген кийимдерди кийиптир. Жолдошум токтоо, сөзгө туруктуу, чынчыл адам. Мен 10 сөз сүйлөгөндө, ал 1 жолу сүйлөп коёт. Кандай жагдай болбосун бирге акылдашып чечип, ушул күнгө жеттик.

2 ай мурда улуу балабызды үйлөнтүп, келиндүү болдук. Уулубуздун кесиби программист. Келинибиз орус тилчи адистигинде окуп жатат. Кийинки кызыбыз Бишкектеги университетте чет тил боюнча магистратурада окуп жатат. Кийинки кызыбыз тарых адистигинде 3-курста окуйт. Андан кийинки балабыз юридикалык академияда 1-курста билим алып жатат. Кийинкилери мектеп окуучулары.

Өзүм болсо мединститутка өтүп, бирок окубай койгом. Мектепти жакшы окуп бүтүргөм. Атам «эркеликтин кесепетинен айтканым айткан деп таштап, педагогикалык колледжди бүтүрдүң» деп айтчу. Мугалимдик кесибим менен 3 жыл иштеп, бирок бала төрөгөндө иштеген жокмун. Биздин убакта заман бир аз кыйын болчу. Балдарга айтып берип отурсам жомок сыяктуу болот. Эл ушунчалык кыйналып, кара, арпа нан жегенбиз. Ошол убакта үйлөнүп, мал чарбачылык менен алектендик. 2 балалуу болгонго чейин кайын атам жана кайын энемдер менен чогуу жашадык. Аябай жакшы кишилер. Учурда кайын атам 97 жашта, кайын энем 84 жашта. Жолдошум мактанып, «биз ак сөөктөрдөн болобуз» деп айтып калат. Жолдошум 12 бир тууган. Мен 9 бир тууганмын.

Эмилбек мырза: Жыгач устачылык боюнча 3 жылдык орто окуу жайды бүтүргөм. Ошол кесибим менен айылда иштеп, азыр балдарга да үйрөтүп, устачылык кылам. Мал чарбачылык жана дыйканчылык менен алектенип, балдарыбызды окутуп жатабыз. Кудайга шүгүр, 3 уул жана 3 кыздуубуз. Чогуу жашап келе жатканыбызга 26 жыл болуптур.

Келинчегимдин ачык мүнөзүн, чечкиндүүлүгүн баалайм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×