Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 08.02.2019 17:07 На русском

Сүрөт: Чоң-Алайдагы мектептин окуучулары дубалдагы жарака аркылуу сүйлөшүшөт

Turmush -  Ош шаарынан 300 чакырым алыстыкта жайгашкан Чоң-Алай районундагы айрым мектептер кооптуу абалда. Жергиликтүү бийлик жыл сайын элдин кайрылуусун жогорку бийлик өкүлдөрүнө жеткиргени менен эч кандай жыйынтык чыкпай келет.

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү Максат Эсенгелди уулу атындагы орто мектеп авариялык абалга келип, окуучуларга коркунуч жаратып жатканын мугалим Айсалкын Кудайбергенова билдирди.

Анын айтымында, мектептин имараты 1974-жылы курулган, учурда 514 окуучу билим алып жатат.

«Бул мектепте окуучулар окууга мүмкүн эмес экени тууралуу тыянак чыккан. Бөлмөлөрдөгү жаракалардан улам бир класстагы сабак экинчи класска угулуп турат. Окуучулар жаракалардан бири-бири менен байланышат. Мурдагы жылы жаңы мектептин пайдубалы тургузулуп, талапка жооп бербегендиктен кайра бузулду. Мектеп капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнү менен баары бир кулап калуу коркунучу бар», - деди Айсалкын Кудайбергенова.

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Кызыл-Эшме айылындагы Ынакбай Келдибеков орто мектеби 43 жыл мурун курулган. Мектеп эки корпустан турат. Экинчи корпус 1991-жылы курулганын мектеп директору Жамиля Эрмекбаева билдирди.

«Мектепте 250 окуучу окуйт. Бөлмөлөр абдан тар, туурасы 4 метр, узуну 5 метрди түзөт. Бир бөлмөгө 13-14 окуучуну араң батырабыз. Спорт залдан үмүт деле кылбайбыз. Айылга курулуп жатат, бирок бизден алыс. Мектеп 2010-жылы оңдоодон өткөрүлүп, былтыр жыгач терезелерди желимге алмаштырганбыз. Бизде аба ырайы катаал болгондуктан кышында жаракалардан баары бир суук кирет. Буга чейин райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылсак, "силерден да абалы начар мектептерди бүтүрүп алалы" дешкен эле», - дейт Жамиля Эрмекбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×