Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Чүй облусуЧүй району 18.04.2019 23:58

«Күйөө жолдоштон көзүмдү албай жалдырап, жөнү жок "5" алып...»: Тойдон жана партадан башталган махабат

Turmush -  Turmush басылмасы «Жеңеке» рубрикасынын 2019-жылы чыккан Чүй облусундагы каармандарын кайрадан топтоду. Алардын келиндик доордогу окуялары көп окулуп, социалдык тармактарда окурмандар тарабынан позитивдүү талкууга алынды.

--------------------------------------------------------------------------------------

«Күйөө жолдоштон көзүмдү албай жалдырап...»: 24 жаштагы Саадаттын тойдон башталган махабаты

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кемин шаарынын тургуну Саадат Таманбаева жолдошу Максат менен үйлөнүү үлпөт тойдо таанышып калган. Саадат жеӊе турмушка чыгып жаткан кыздын курбусу болуп барса, Максат үйлөнүп жаткан баланын күйөө жолдошу болуп барган. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жолдошум экөөбүз досторубуздун үйлөнүү үлпөт тоюнда таанышканбыз. Максат экөөбүз бири-бирибизди ошондо эле жактырып калганбыз. Ал дагы мени улам-улам карап, мен дагы андан көзүмдү албай… Ошондо 16-декабрь болчу. Арадан аз эле күн өтүп, жаӊы жыл күнү экөөбүз жолуктук. Ал мага кыз-жигит болууну сунуштады. Жөн эле сунуштабай, кытай шарларын достору менен көккө учуруп, романтикалык сунуш кылган. Ошол күнү шакек дагы белек кылды. Баары чын жүрөктөн жасалып жатканын байкадым. Ошентип 6 ай сүйлөшүп, андан кийин баш кошконбуз. Ошондон бери 7 жыл болду. Экөөбүз бактылуу үй-бүлөнү түптөп, апамдын (кайын энемдин) батасын алганга аракет кылып, бир уул, бир кызга татыктуу тарбия берип жашап келе жатабыз», - деди ал.

Саадат Таманбева 1994-жылы Чүй районунун Он Бир-Жылга айыл өкмөтүнүн Кайырма айылында төрөлгөн.

«Өзүм А.Керимбаев атындагы орто мектебине 5 жашымда эле барып баштагам. 2010-жылы Кыргыз экономикалык университетине тапшырып, бухгалтер кесибин алып чыктым. Эмгек жолум 2012-жылы райондук социалдык фондунан башталып, 2013-жылы декреттик өргүүгө чыгып, уул төрөгөм. 2015-жылы кыздуу болдук. Декреттик өргүүдөн кийин 2017-жылдын март айынан баштап Кемин райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы болуп эмгектенип келем», - деди ал.

--------------------------------------------------------------------------------------

«Көздөр менен атышып отурдук»: Жолдошун президенттик шайлоодон тапкан Айтургандын махабаты

Айтурган Бактыбекова 1997-жылы Токмок шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал болочок жолдошуна президенттик шайлоодо бюллетень сала турган аппараттын арты менен жолуккан. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ал күндү чынын айтканда эч качан унутпайбыз. 2017-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнүндө таанышканбыз. Мен жана сиӊдим “Демократия жана жарандык коом” коалициясына мүчө болуп, шайлоо процессине көзөмөл кылуу максатында Чүй облусунун бир айылына барып калдык. Ошол кезде болочоктогу жолдошум шайлоо өткөрүү боюнча аймактык комиссиянын мүчөсү болуп отурган экен. Бири-биризди көз караштар менен атышып коюп отурдук. Бирок анча маани деле берген эмесмин. Ошентип шайлоо күнү аяктап жаткан учурда бюллетень сала турган аппарат иштебей калды. Шайлоо таза өтүшү үчүн аппаратты оӊдогуча түнгө калууга туура келди. Түнкү саат 24:00 дегенде баягы аппарат оӊолуп, кетүүгө даярдана баштадык. Ошол жерде иштеген үч бойдок мырзалар жеткирип коюуну сунушташты. Анын арасында болочок жолдошум да бар эле, эмнегедир ага макулдугумду берип чогуу кеткенбиз. Жолдон таанышып, телефон номурумду сураган. Демейде бербеген жаным, ага дароо бергем. Ошондон тарта мага күнүгө келип, көӊүлүмдү өзүнө бура баштаган. Айта кетчү нерсе, жолдошум "Тамашоу" лигасында ойногон белгилүү тамашоучу. Башында ага-карындаш катары мамиледе болсок, таанышканыбыздан 15 күн өткөн соӊ "сүйлөшкөн кызым болчу" деп сунуш киргизген. Жолдошум абдан романтик. Сүйүүсүн арнап колго кат жазып, өзгөчө белектерди тапшырчу. Ар бир жолугуубуз кызыктуу өтчү. Мен да жообумду "Кыргыз почтасы" аркылуу кат менен бергем. 3-август күнү туулган күнүмдө достордун арасында колумду сураган. Андан соӊ ата-энелирибизди тааныштырып, той берип, элден бата алдык. Ошентип, азыр Ак-Өргө конушунун мыкты келиндеринин бири болуп калдым», - деди каарманыбыз.

Айтурган жаӊы келин болуп келгенде түшкө чейин уктап калып уялганын эч унутпайт.

«Жаӊы келин болуп келгенде уктап калып, түштө ойгонгон күнүм эстен кетпейт. Турсам, баары тамактанып жатышкан экен. Уялганымдан ашканага кире албай көпкө убара болгом. Бактыма жаӊы үй-бүлөм мени өз кызындай кабыл алды. Атам менен апам (кайын атам жана кайын энем) ар дайым акыл-насаатын айтып, билбеген нерселерди үйрөтүп, ар дайым колдоо көрсөтүп келишет. Кайын иним менен кайын сиӊдим жеӊе деп жанымдан чыкпай, көп жумуштарды чогуу жасап жардам беришет. Мактаган эмес, бирок мен келген үй-бүлө түшүнүктүү жана билимдүү үй-бүлөлөрдүн бири. Азыр үйдүн жалгыз эрке келинимин. Ошондуктанбы көп кыйналган жокмун», - деди ал.

Айтурган ынтыкмактуу үй-бүлөнү куруу үчүн түгөйлөр бири-бирин түшүнүш керек деген оюн билдирди.

«Үй-бүлөдө ынтымак болуу үчүн эки тарап тең бири-бирине сый-урмат менен мамиле кылуусу керек деп эсептейм. Себеби, турмуш курууда бир гана эркек кишинин эмес, аял кишинин орду дагы өзгөчө ролду ойнойт. Албетте, казан-аяк кагышпай койбойт, ошол учурда ачууга алдырып, бири-биринин көӊүлүн калтырып, туура эмес чечимдерди чыгаруудан алыс болуу керек. Көпчүлүк апаларыбыз бардык чечимдерин аталардын катышуусуз чечишчү эмес. Ошондуктан азыркы учурда кандай маселелер болбосун ар дайым жолдошум менен биргеликте кеӊешип чечип келебиз.

"Эки бакыр, бир тукур" деп айтылгандай турмуштун сыноосун бирге жеӊип, үй-бүлөнү биринчи орунга коюп, ошол үй-бүлө кутун сактоого бардык күч-аракетин жумшаган гана түгөйлөр бактылуу боло алат», - деди ал.

Айтурган Бактыбекова үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

«Атам, апам бар, кудайыма шүгүр. Менден улуу эжем жана иним бар. 2013-жылы Республикалык маданият колледжинин хор бөлүмүнө кирип, аны 2016-жылы ийгиликтүү аяктадым. 2016-жылы Токмок шаарындагы №5 орто мектебине музыка жана кыздарга кол эмгек сабагын окутуучу мугалим болуп орноштум. 2017-жылы Чүй районунун аймактык ооруканасына медициналык статист болуп орноштум. Азыркы учурда турмушка чыкканыма байланыштуу эмгек өргүүдөмүн. Атам Токмоктогу белгилүү тамада болгондуктан мен да тойлордо ырдап, "Жар-жар" айтып эмгектендим. Азыркы учурда Бишкек гуманитардык университетинде мамлекеттик муниципалдык башкаруу факультетинин 3-курсунда сырттан окуйм.

Бош убактымда ырдаганды жакшы көрөм. Классикалык ырлар жагат. Китепти да сүйүп окуйм. Азыркы учурда Жоджо Мойестин "Все та же я" чыгармасын окуп жатам. Видеомонтаж менен да 7 жылдан бери алектенем», - деди ал.

--------------------------------------------------------------------------------------

«Жеңеке»: Агайына турмушка чыккан Бегимай жөнү жок «5» алганын түшүнгөн эмес

Кубанычбек кызы Бегимай англис тил сабагын окуткан агайына турмушка чыккан. Ал келиндик доордогу кызыктуу окуяларын айтып берди.

Бегимай 1990-жылы Сокулук районуна караштуу Жаӊы-Жер айылында төрөлгөн.

«Жолдошум экөөбүз кантип таанышып калдык? Эх, ал күндөрдү унутпайм. Сонун күндөр. Анда мен мектепте 9-класста окучумун. Англис тил сабагынан жаңы агай келди деп калышты. Күн суук болчу. Жаӊы келген агайдын эӊ алгачкы өтүп жаткан сабагына кечигип кирдим. "Уруксатпы?" десем, мени бурулуп карады да, "күн суук, жылуураак кийинбейсиӊби" деп койду. Мен ичимден "жылуу кийинемби, жеңил кийинемби иши эмне" деп ордума барып отурдум. Ошентип сабактан жооп бербесем деле "5" деген бааларды коё берди. Классташ кыздар "жооп бербесеӊ деле, эмнеге 5 аласыӊ?" деп калышчу. Анда да жөн жооп бербей, "татыктуу болсом коёт да" деп койчумун. Ошол эле жылы биздин агайыбыз Москвага иштегени кетти. А, мен агайды ошону менен бир-эки жыл көргөн жокмун. Ошентип 11-классты аяктадым. Баарыбыз келечегибизди тандап, кесиптерден башыбыз айланып, кайсы бирине токтолорубузду билбей турганбыз. Ушул учурда агайдын ата-энеси биздин үйгө келип, менин колумду сурашты. Анын мага койгон баягы "5" деген бааларынын сыр түйүнү чечилди. Атам кабагын карыштырып, "менин кызым силерге байлап берип койгудай торт беле" деп аларды жолго салды. Жаш экенмин, мага ал жаӊылык абдан кызыктай болду.

Андан бир аз өтпөй агай мени жолугушууга чакырды. Бул сунушуна макул болуп бардым. "Күзүндө той менен сени алам" деди. Ичимден күзгө чейин шаарга, окууга кетем деп ойлонуп койдум. Ал ортодон көп убакыт узабай, дос баламдын туулган күнү деп мени чакырып, ошону менен үйүнө алып кетип калган. Мен каршылыгымды көрсөткөн жокмун. Үйгө алып барышты. Баары даярданып калышкан экен. Көшөгөгө кирсем бир апа "ач оозуӊду" деди. Эч нерсеге түшүнбөй эле ача салсам, чоң сары майды оозума салып салды. Аны жута албай бир топко турдум. Ошол күнү жолдошум терезени чертип, бажырайган роза гүлдү берди. Муну каяктан таап келди деп сүйүнүп койгом. Эртеси эшикке чыксам, короодо ар кандай роза гүлдөр өсөт экен.

Жаӊы келин болуп барганда баарына жакшы көрүнгүӊ келет экен. Жазында жерди айдатыш керек деп өздөрүнчө сүйлөшүп калса, мага айтып жаткандай сезилип, күрөктү колго алып, огородду казып чыкканым эсимден чыкпайт», - деди ал.

Учурда Кубанычбек кызы Бегимай 1 уул, 2 кызды тарбиялап жатат.

«Жолдошум экөөбүз кол кармашып, бактылуу үй-бүлөнү түптөп, жашап келе жатканыбызга он жылдын жүзү болду. 1 уул, 2 кызыбыз бар. Балам 3-класста билим алса, андан кийинки кызым 2-класста окуйт. Эӊ кичүүбүз 5 жашка толду.

Жолдошум Гулмурад Тажибаев 1982-жылы Лейлек районунда төрөлгөн. Ал дайыма мага сабырдуулук менен мамиле кылат. Жаш дейби, айтор көп кылыктарымды көтөрөт. Ал мени өзүнүн жөнөкөйлүүлүгү, түшүнүктүүлүгү менен багындырып алды. Мен ушул жашка чейин мынчалык ичи таза адамды көргөн эмесмин. Айткан сөзүнө турарын мага далилдеди. Окуй албай калдым деп өкүнүп жүрдүм эле, 3 жылдан кийин жогорку окуу жайга кирдим. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетти аяктап алдым. Азыркы учурда Жаӊы-Жер мектеп комплексинде хореограф жана информатика сабагынан мугалим болуп иштейм», - деди ал.

--------------------------------------------------------------------------------------

Жеңеке: Ак үйдө иштеген Н.Беделбаева кайнисинин буйругуна кандай реакция кылганын айтып берди

Нурайым Беделбаева 1971-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында төрөлгөн. Ал учурда Жогорку Кеңештин имаратында лифтёр болуп эмгектенет. Каарманыбыз жаңы келин болуп келгенде 5 жаштагы кайын инисинин сөзүнө аябай күлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жолдошум экөөбүздүн эки уул, бир кызыбыз бар. Жаңы келин болуп келгенде көп эле кызыктуу окуялар болот эмеспи. Ошолордун ичинен бир окуя аябай эсимде калыптыр. Кайын агамдын баласы бар. Ал мен жаңы келгенде 5 жашта болчу. Үстүн чечип, башын жууганга даярданып жүргөн. Бир маалда мени карап, чоң кишиге буйрук бергендей «башыма суу куюп берчи» деп так кесе айтты. Мындан чоңураак бала айтса, балким катуу тиймек. Бирок бул беш жаштагы бала эмнегедир күлкүлүү көрүнүп кетти. Ошондогу ырайын сөз менен жеткире албайм. Чыдабай кетип, каткырып күлүп жибергем», - деди ал.

Каарманыбыздын айтымында, аялсыз үй жарык эмес.

«Эне — үйдүн куту. Үй аялсыз жарык эмес. Мен бактылуу энемин. Өзүмдү улууну урматтаган, кичүүнү ызаттаган ыймандуу келинмин деп эсептейм. Жаңы келген келиндер ыймандуу, акылдуу болушса, ак-караны айра таанып, улуу-кичүүнү сыйлай билсе дейм. Негизи эки жаш бири-бирин туура түшүнсө, ачууга алдырбай ар бир көйгөйдү сабырдуулук менен чечишсе эле бактылуу үй-бүлө кура алышат», - деди ал.

Нурайым жеңе кесиби агроном болгону менен ар түрдүү тармакта эмгектенген.

«Өзүмдүн кесибим агроном. «40 жыл» аталышындагы кийим фабрикасында кампада эмгек жолумду баштагам. Андан соң Илимдер академиясында лабораторияда эмгектенип, кийин бала бакчада тарбиячы болдум.

Жолдошум экөөбүзгө кудайым дөөлөттү карылык берип, ыймандуу, акылдуу уул-кыздарды, неберелерди тарбиялап өстүрсөк дейм. Кыргызстан өнүксө, жаштар илимдүү-билимдүү болушса деп тилек кылам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×