Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуЧоң-Алай району 01.04.2019 16:18 На русском

Тагдыр: Жалгыз бой эне 5 жаштагы кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн жардам күтөт (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылынын 1986-жылы туулган тургуну Гүлзат Эгембердиева эки кызын жалгыз багып келет.

Гүлзат аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 3 жыл мурун жолдошу менен ажырашкан. Учурда улуу кызынын оорусу менен күрөшүп жатат.

«Улуу кызым Кызгалдак 2014-жылдын 23-июлунда төрөлгөн. 2016-жылдан бери баш мээсинин шишиги оорусу менен жабыркап келет. Ошол жылы эле Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүндө биринчи операция жасалган. Андан соң Улуттук онкология жана гематология борборуна которушкан, ал жактан дагы дарылануудан өттүк. Ага карабастан шишик өсүп кетип, ушул жылдын февраль айында кайрадан операция болдук. Операция оор болгондуктан кызым кайра жандандыруу бөлүмүндө 6 сутка жатты. Томографиядан текшерилсек дагы шишиктин калдыктары калыптыр, эми аны Индиядан операция жасатуу керек болууда. Дарыгерлер ал үчүн 10 миң доллар керектелерин айтышты.

Эки кызымды өзүм жалгыз тарбиялагандыктан мындай көп суммадагы каражатты чогулта албай кыйналып жатам. Ошондуктан кайрымдуу адамдардан жардам сурайм. Азыр мен улуу кызым менен ооруканада болгондуктан кичүү кызымды эжем багып жатат. Чет өлкөдө жасала турган операцияга салым кошуп, кызымдын өмүрүн сактап калууга жардам берүүнү суранам. Учурда биз үчүн ар бир сом баалуу болууда», - деди Гүлзат Эгембердиева.

Байланыш үчүн телефон номур: 0555498646 (WhatsApp).

0776366002 ЭЛСОМ. РСК банк элкарт/эсеп 1290437900000053.

Оптима банк 4169605208962238.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×