Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуАт-Башы району 09.04.2019 12:43 Жаңыланды: 20.04.2019 17:33

Айыл турмушу: Чопо менен иштеген чебер Мээримдин өзгөчө эмгектери (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын 21 жаштагы тургуну Мээрим Рысбекова чоподон буюм жасап, ага сайма түшүрөт. Аймактык кабарчы жаш кол өнөрчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда ал Т.Садыков атындагы колледжде 2-курста керамика багыты боюнча билим алат.

«Кичинекей кезимде сүрөт тартчумун. Бирок сүрөтчү болом деп ойлогон эмесмин. Мектепте окуп жүргөндө үйдөн портрет тартчумун. Бөлөм мектепте сүрөттөрдү тартчу, а мен анда сүрөт тартуу жөнүндө ойлончу эмесмин. Кийин бул кесипти тандоомо эжем түрткү болду. Себеби ал «талантың бар экен, жакшы көргөн ишиңди таштаба» деп айткандан кийин бул кесипти улантууну чечтим.

Чоподон буюм жасоо түйшүктүү, анан майда жумуш. Берилүү менен иштегенде гана оюмдагы буюмду жасай алам. Алып келген чопону алгач сууга жибитип коюу керек. Жыйырма күндүн ичинде топурак пластилин сыяктуу чоюлма, жумшак болуп калат. Ошол убакытта жетишип клеёнкага ороп калуу керек. Эгер андан катуурак болуп кетсе сынып калат. Анан ийге келген чопону каалаган формага салып, буюм жасай берүүгө болот. Муну менен даяр болду деп айтуу кыйын, жасалган карапа идишке жазууларын жазгандан кийин 1-2 жумадай салкын жерде кургатылат», - дейт Мээрим Рысбекова.

Мындан тышкары, ал бош убактысында китеп окуп, ыр жазат жана кийим тигет. Келечекте чакан чеберкана ачып, чопо жана сүрөт менен иштөөнү пландайт. Ал үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×