Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Талас облусуТалас району 09.04.2019 12:48 Жаңыланды: 19.04.2019 23:53

Эгиздер: 7 жаштагы Дастан менен Рустамдын кызыктары (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 7 жаштагы тургундары Дастан менен Рустам Субанбековдор үйдө улак тартышып ойноп, ызы-чуу кылышат. Аймактык кабарчыга эгиздердин апасы Асел Козубекова балдары жөнүндө айтып берди.

«Дастан балам ушунчалык атка кызыгып калды. Атасы менен айылга барып ат минбесе, ат чаппаса да кызыгып жатат. Бир жолу кымыз ичкени жайында жайлоого барганбыз. Ошондо үйүр-үйүр жылкыларды көрүп эле кызыгып, жайлоодон кеткиси келбей калды. Мен болсо 2-3 күн жүргөндө суу жок жүдөп, кетебиз деп калсам балам: «биз бул жакта жүрөлүчү, аттар жакты» деп ыйлады. Анан ушул Дастан үчүн жүрдүм. Аттарды жүрөгү менен жакшы көрөт. Бир күнү мага келип, «апа, мени мындан ары Дастан дебей, Кулунтай деп айтыңыз» дейт. Негизи кыргызда кулунум деген сөз бар эмеспи. Балам болсо кайдан укканын билбейм. Кулундар баламдын көзүнө жакшы көрүнсө керек (күлүп).

Азыр балдарым мага телефон чалганда үндөрүн айырмалай албайм. Алар чалганда сен «Дастансыңбы же Рустамсыңбы?» деп сурасам, «апа мен Кулунтайыңызмын» деп жооп берет. Дастан көк бөрүчүлөрдүн аттарынын атын жатка билет. Үйдө жүргөндө дагы кечке көк бөрү жөнүндө ырдайт. Бир күнү сабактан келсем үй ызы-чуу болуп жатыптыр. Үйдө экөө эле болчу. Полдогу килемчелерди тоголоктоп алып, улак ойношуптур. Рустамга болсо «мени менен улак ойноп койчу» деп жалдырайт экен (күлүп). Азыр үйдө күндө улак тартыш (күлүп).

Мен азыртадан балдарыма «Кийин дарыгер болгула. Азыр жакшы окушуңар керек. Колунда жок адамдарды бекер дарылайсыңар. Аларга жардам кыласың, аларга өмүр тартуулайсыңар» деп айта берем. Бирок эмнегедир ушул улакчы болом деген баламды дарыгер болсо экен деп кудайдан тилек кылам. «Мен дарыгер болсом, улакчы ким болот?» деп айтып калат. Анда мен саат алтыга чейин дарыгер болуп, андан кийин улак тартып улакчы болоюн деп айтып калат (күлүп).

Ал эми Рустам болсо жалаң техникага кызыгат. Ал шайтан араба, унааларды алып, аларды оңдогонго кызыгат. Эки баламдын мүнөздөрү эки башка. Бул балам болсо «банкта иштейм» деп айтат. Техникага кызыгып, шайтан арабасына ар кандай нерселерге буйрутма бере берет. Балдарымдан Рустам бышыгыраак. Айтканынан кайтпаган, принципте турган адаттары бар.

Эки балам аябай ынтымактуу, чогуу жүрүшөт. Баягыда бир таанышым чалып, «Асел, сенин дагы балдарың мушташканда ажыратыш кыйын болуп калабы?» дейт. Анын дагы баласы эгиздер болчу. Бирок менин балдарым бир нерсени талашып кетишсе таарынып калганы эле болбосо, бири-бирине кол көтөрүп урушкан жок. Дааратканага дагы чогуу киришет (күлүп). Өткөндө «чогуу жаткыла, чогуу жүргүлө, чогуу бир жерге баргыла, чогуу тамак жегиле, бирок дааратканага чогуу кирбегиле» деп уруштум. 2-3 күн угушуп, кайра эле чогуу кирип кетишти.

Бир жолу экөө катуу урушуп кетишсе керек. Бири ыйлап келди. Мен ыйлаткан баламды урушуп салсам, кайра ыйлаган балам «эмнеге урушасың?» деп кайра мени менен урушуп жатпайбы (күлүп).

Бири-бирин бат эле сагынып кетишет. Азыр мектепке өздөрү барып келишет. Бир жолу жумуштан эртерээк чыгып, аларды сырт жактан аңдысам жолдон өткөндө колдорун кармашып алат экен. Пешеходдон өтөрдө "бисмиллях" деп өтүшөт экен.

Эс алып отурсам улакчы болом деген балам: «апа, мен кудай буйруса чоңойсом сизди сыйлаган кызга үйлөнөм» дейт. Мен «кийин ыймандуу, акылдуу, тарбиялуу кызга үйлөнгүлө» деп айта бергенгеби кулактарына сиңип калса керек. «А сага кандай кыздар жагат, кандай кийинген кыздар жагат?» деп сурап калсам, "өзү каалагандай кийине берсин, бирок мага узунураак кийинген кыздар жагат" дейт (күлүп).

Балдарым кыргыз бала бакчага барышканы менен орус мектепте окуп жатышат. Башында кыйналып эле жүрүштү. Азыр балдар менен тең жетишип окуп жатат», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×