Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуӨзгөн району 18.04.2019 15:18 На русском

Чыры бүтпөгөн сейил бак: 12 жаштагы өспүрүм селкинчектен кулап каза болду. Видео

Тажимухаммад сейил багы
Тажимухаммад сейил багы
// Turmush

Turmush -  14-апрель күнү Өзгөн шаарынын Саракси кварталындагы Тажимухаммад сейил багында 12 жаштагы окуучу бала селкинчектен кулап, каза болгон. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзгөн шаарынын тургуну Лутфулло Курбанов аталган парк жайгашкан аймак муниципалдык жер экенин айтып, аны ижарага алып иштетип жаткан адамга жерди мыйзамсыз алгандыгы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

«Өзгөн шаарынын мурунку мэри Саипжан Пратов ишкер Жолчубай Имияновго мыйзамсыз жер бергендиги боюнча иш сотко өткөн. Учурда сот иштери жүрүп жатканына карабастан Ж.Имиянов сейил бакты иштетип жатат. Сот процесси жүрүп жаткан учурда сейил бак иштебеш керек эле. Бирок ал (Ж.Имиянов) күндүз жаап, кечинде иштетип жатат» ,- деди Л.Курбанов.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Өзгөн шаарынын мурдагы мэри Саипжан Пратовго жер тилкесин берүү боюнча 2016-жылдын 10-августунда чыгарган токтому боюнча кылмыш иши козгогон жана С.Пратов убактылуу кызматынан четтетилген. Учурда аталган иш райондук сотто каралып жатат. Ал эми С.Пратов ушул жылдын 15-мартында ээлеген кызматынан кетүү боюнча арызын жазган.

Ал эми Тажимухаммад сейил бакты иштетип жаткан ишкер Жолчубай Имиянов муниципалдык жер мыйзамдуу берилгендигин, ал тургай аталган жай таштандыга толуп кеткендиктен сейил бак куруу маселеси жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөндүгүн айтты. Ишкер 12 жаштагы өспүрүм аталган сейил бакта каза болгонун тастыктап, окуя коопсуздук маселесинен эмес, кокустуктан болгондугун билдирди.

«2015-жылы Надырбек Каримов мэр болуп турганда жергиликтүү жашоочулар аталган жайга сейил бак куруп берүү боюнча мэрияга кайрылышкан. Мэриядан каражат жок экенин айтышып, "демөөрчү тапкыла" деген. Ошол убакта Саракси кварталынын комитети, аксакалдар мага кайрылышкан. Мен алардын сунушун четке какпай, сейил парк курууга макул болгом. Надырбек Каримов комиссия түзүп, жер берүү боюнча токтом чыгарган. Кийинки келген мэр Саипжан Пратов да ошондой токтом чыгарып берген. Экөөнө тең барган эмесмин, алар өздөрү мени чакырышкан. Кийин 9 млн 363 миң сомго сейил бак курдум. Аталган жай мурун таштандыга толуп турчу. Ошондон кийин Лутфулло Курбанов менин үстүмдөн арыз жазды. Ал комиссия жер берүүгө кол койгон эмес деп айтууда.

Ал эми каза болгон бала селкинчекке отуруп теппестен, үстүндөгү темирин кармап алып тээп, андан жыгылып түшүп, каза болуптур», - деди Ж.Имиянов.

Мурунку мэр Саипжан Пратов жогоруда өзүнө карата айтылган айыптоолорго кошулбайт. Ал ага чейин иштеген мэр комиссиянын чечими менен жерди 2020-жылга чейин ижарага бергендигин айтууда.

«Убагында 3 кварталдын эли "бизде балдар ойноочу аянтча жок, ошол жерге аянтча куруп бериңиз" деп суранышкан. Андан кийин мен ал ишкерге (Ж.Имиянов) өзүм сунуштагам. "Ал жерге ким балдар ойноочу жай кура алат" деп анализ кылып чыккам. Анан ишкерден суранып, ал 10 млн сом акча кетирип балдар ойноочу аянтча курган», - деди С.Пратов.

Өзгөн шаарынын вице-мэри Рахманжан Атаджанов сейил бак курулган жердин мыйзамдуу же мыйзамсыз берилгендиги боюнча 13-14-март күндөрү соттун биринчи отуруму өткөнүн билдирди.

«Сейил бак үчүн берилген 1 миң 800 чарчы метр жердин мыйзамдуу же мыйзамсыз берилгендигин тактоо үчүн прокуратура кызматкерлери тарабынан атайын иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул маселе Өзгөн райондук сотунда кароодо турат. Азырынча акыркы чечим чыга элек», - деди ал.

Өзгөн шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча жалпы шаар тургундары бара турган 1 гана чоң сейил бак бар. Ал эми жаш балдар үчүн курулган балдар аянтчасынын саны төрттөн ашат. Бирок буга чейин бир дагы балдар аянтчасында адам өлүү фактысы катталган эмес.

------------------------------------------

Буга чейин Өзгөн шаарынын тургуну Лутфулло Курбанов экс-мэр Саипжан Пратов 18 сотых жерди аукционсуз эле шаардык кеңештин депутатына берип койгонун жана ал депутат 3 жылдан бери жердин акысын төлөбөй иштетип жатканын айткан.

«Саипжан Пратов менен аталарыбыз бир тууган. Бирок мен аны тууганым деп эсептебейм. Муниципалдык менчикте турган жерди шаардык кеңештин депутаты Жолчубай Имияновго 5 жылга балдар аянтчасы үчүн деп ижарага берген. Мен Ош облустук прокуратурага кайрылып, 571 миң сом өндүрткөм. Ал жер балдар аянтчасы эмес эле чайкана, ашкана болуп кеткен", - деген ал.

Ал эми Саипжан Пратов Л.Курбановдун айткандарын төгүндөгөн.

«Мен 2016-жылы Өзгөн шаарынын мэри болуп дайындалгам. 18 сотых жер сатылган эмес. Биз шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте жерди 5 жылга Жолчубай Имияновго ижарага бергенбиз. Ал жер таштанды баскан жер болчу. Л.Курбановдун агасы буга чейин Өзгөн-Тынчтык паркында жетекчи болуп иштеген. Ага депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, иштен четтетилген. Ошондон улам анын иниси Лутфилло бизге өчөшүп, интернеттен ар кандай пикирлерди таратып жатат. Айткандарынын баары жалган», - деген С.Пратов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×