Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 18.04.2019 16:22 На русском

Кара-Көлдө 110 млн долларлык цемент заводунун курулушу боюнча кайчы пикир жаралды

Turmush -  Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары кезектеги сессияда цемент заводунун курулушу жана анын документациялык иштери боюнча маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сессиянын жүрүшүндө депутаттар «Шамшыкал-Ата» ЖЧКнын өкүлдөрүнө социалдык пакеттер, жумуш орундары, өндүрүлгөн продукциянын атаандаштык шартта сатылуусу, чийки заттардын запастары, Кытайдагы цемент заводдун ишин көрүп келүүгө баруучу 12 кишиден турган делегациянын тизмеси боюнча суроолорду беришти.

«Шамшыкал-Ата» ЖЧКнын өкүлү маалымдагандай, компания Жазы-Кечүү айыл аймагына караштуу Оот айылында юстициялык долбоорун ишке ашырууда. Негизги ишмердүүлүгү — цемент өндүрүү. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан берилген 4 лицензияга ээ. Геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатат. Учурда Көк-Бел акиташ кенин геологиялык изилдөө иштери аяктады.

«Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту долбоордун материалын даярдоо менен заводдун объектилеринде боло турган сейсмикалык таасирлердин кесепеттерине баа беришүүдө. Цемент заводу үчүн технологиялар жана цемент өндүрүүнүн технологиялык регламенти боюнча долбоор аяктаган. Азыркы тапта Кытай Элдик Республикасында техника жана цемент өндүрүүдө колдонулуучу жабдууларды алып келүү жөнүндө келишимдер түзүлүүдө. Кытайдан Кыргызстанга цемент заводуна керектүү жабдууларды жана техникаларды алып келүү жолдору, ыкмалары иштелип чыгууда. Заводго керектүү коммуникацияларды тартуу, авто унаа жоолдорун жана электр чубалгыларын тартуу боюнча долбоор түзүүчү мекемелер менен алдын ала макулдашуулар жүрүүдө. Мунун баары цемент заводун куруунун биринчи баскычы болуп эсептелет», - деди ал.

Ошондой эле депутаттар цемент заводунун курулушу качан башталарын сурашты. Компаниянын өкүлдөрү апрель айында капсуласын салуу пландалып жатканын, так күнү белгилене электигин айтышты. Ал эми шаар мэри И.Еркеев ага өкмөт башчынын катышуусу күтүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле компаниянын өкүлү Кытайдагы акыркы үлгүдөгү цемент заводду көрүүгө баруучу 12 кишиге виза ачуу оңой эмес экенин айтып, тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, изилдөө иштеринин алдында цемент заводунун курулушуна капсула салынып, ачылышы өткөрүлөрүн, 1-2 этапты 7-8 айдын ичинде бүткөрүүгө аракет жасашарын айтышты.

Депутаттар келишим боюнча 4-5 этап каралганын айтып, учурда кайсыл этапта иш жүрүп жатканына кызыгышты. Өз кезегинде компаниянын өкүлдөрү: «Тендер боюнча 5 лицензия бар. Оот айылынын ичинде кооптуу зонанын жанына эл үйлөрдү салып алышкан. Бир лицензияны ошол себептен тапшырдык. Үчөөсү боюнча геологиялык изилдөө иштери жүрүүдө», - деп жооп беришти.

Ал эми депутат Адыл Чаргынов компаниянын өкүлдөрү куру убада берип жатышканын айтты.

«Цемент заводунун курулушуна чейинки документтерди толук алып келгиле деп талап кылганбыз. Мындан эки жыл мурун алып келген документтиңерде картаны интернеттен алып, карандаш менен чийип келгенсиңер. Биз мамлекеттик геология институттан такталган, ушул жерден мындай зат казылат деген так документ менен келүүңөрдү талап кылганбыз. Экинчиден 2 жылга уруксат алгансыңар. Эми убактыңар бүттү. Апрелде капсула салабыз деп куру убада берип жатасыңар. Үч, алты, тогуз ай деп келе жатканыңар бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Расмий мөөр басылган документти көрсөтө элексиңер. Кытайга бизден делегаттарды алып баруунун мөөнөтүн жылдыруунун дагы бир амалы болуп жатат. Картаны тактап бериңиздер, бизде ошого байланыштуу суроолор бар эле. Анткени Каргыш аталыштагы жер менен силер каза турган жердин аралыгы кандай? Ошол жерде кайсы заттын запасы бар? деген суроолор бар», - деди депутат.

Компаниянын өкүлдөрү цемент заводуна тиешелүү документтердин баары мыйзамдуу экенин билдиришти.
Документтердин электрондук вариантын аппарат жетекчисине жөнөтүшөрүн айтышты. Ошондой эле, алар цемент заводу курулуучу жерди өткөн жылдын декабрь айында алып, январь, февраль кыш болгонун, бирок февралда тиешелүү иш процесстери жасалып баштаганын түшүндүрүп, айтып өтүштү.

Ал эми эл өкүлү Тимур Каракожоев цемент заводун куруу иштерин баштоо керек, себеби эл дагы күтүүдө.

«Заводдун курулушу башталат, 400-500 кишини жумушка алабыз дедиңер эле. Ал кишилер күтүп, тажаганда Россияга эки ирет барып келишти. Канча адамдар үмүттөнүп, үй-бүлөсүнүн жанында иштейбиз деп жүрүшөт. Ошондуктан бул ишти баштоо керек. Экология боюнча маселелерди Кытайга барганда көрүп келебиз», -деди ал.

Ошондой эле, шаардык кеңештин депутаттары шаарга берилүүчү соцпакеттер тууралуу суроо узатышты.
Аталган компаниянын өкүлдөрү заводду куруу иштерине уруксат келгенде алар шаардын тургундары менен коомдук угуу өткөрүп, анда соцпакет боюнча маселелери дагы караларын билдиришти.

Депутат Тилек Эстебес уулу: «Бизге жакын Таш-Көмүр шаарында дагы цемент завод курулуп жатат. Тез аранын ичинде эле куруу иштерин башташты. Бири-бирине жакын жайгашкан цемент заводдордун кереги барбы? Бизге келген инвестор завод курууга кетирген акчасын канча жылда чыгарып алат? Өндүрүлгөн товар кайда сатылат? Завод курула баштаса, нааразы болуп чыккандар болушу мүмкүн», - деди.

Ал эми «Шамшыкал-Ата» ЖЧКнын өкүлдөрү трансформация иштеринин жүрүшүндө УКМК тарабынан эскертүү берилгенин айтып, бул маселе коомдук талкууга чыгарылганын билдиришти.

Ошондой эле, компаниянын өкүлдөрү өкмөт менен түзүлгөн келишимде 19 ай көрсөтүлгөнүн билдиришип, 1-2-этапты комплекстүү бүтөрүшөрүн айтышты. Капсула салынгандан кийин 6 ай жабдуулар курулуп, 6-7 ай иш жүрөрүн белгилешти. Өкүлдөр Таш-Көмүрдө курулуп жаткан заводдун жери трансформацияланып, изилдөө этабынан өтүп, курууга даяр болгондуктан инвестордор тез эле ишти баштаганын айтышты.

Шаар мэри И.Еркеев 1,5 жылдан бери документ иштери менен чуркап жатканын билдирип, эл өкүлдөрүнүн колдоосу менен иш алып барганын белгиледи.

«Инвестиция тартуу оңой эмес. Ошто жана бөлөк жерде заводдор ачылып жатат деп айттыңыздар. Эгер бизге завод курулса Орто-Азия боюнча сапаты жогору, М 700, М 600, М 500 цементтик продукциялар чыгарылат. Азыр изилдөө иштери жүрүүдө. Бүт процедуралар мыйзам чегинде өткөрүлүп жатат», - деди мэр.

Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Б.Кыргызалиев баардык иштер мыйзамдуу ишке ашып жатканын айтып: «Өкмөттүн өкүлүнө Кызыл-Кыя шаарындагы цемент заводунун иши менен таанышып келүү боюнча кат жөнөттүк. Эгер иш жакшы болуп кетсе, атайын делегация Кытайдагы акыркы үлгүдөгү цемент заводдун иши менен таанышып келет», - деди.

Буга чейин шаардык кеңештин депутаттары Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын Оот айылына цемент заводун курууга жер бөлүп берүү чечимин кабыл алышкан. Завод курула турган жердин аянты 49,27 гектарды түзүп, ал 49 жылга ижарага берилет. Инвестициянын жалпы суммасы 110 млн долларды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×