Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Чүй облусуКемин району 18.04.2019 16:22 На русском

Кеминде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А.Тятов 92 жашында дүйнө салды

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районунда 17-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тятов Алексей Петрович көз жумду. Бүгүн, 18-апрель күнү аны жерге берүү зыйнаты болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Тятов Алексей Петрович 1927-жылы Кемин районунун Орловка шаарында төрөлгөн.

Советтик армияга 1944-жылы чакырылып, Башкортостандан аскердик даярдыктан өткөн. 1945-жылдын март айында 49-батыш артиллериялык полкуна чалгынчы катары жөнөтүлгөн. Жеңиш күнү ал Германиянын аймагында болгон. Андан соң Ыраакы Чыгышка которулган. 3-гвардиялык дивизиянын курамына кошулуп, Кореядагы Маньчжурияны бошотууга катышкан. 1948-жылы Германияга которулуп, Риза шаарында куралдар боюнча командир болгон.

Аскерден соң 1951-жылдын июнь айында айдоочу болуп жумушка орношкон. 1954-1978-жылдары Кыргыз тоо-кен байытуучу комбинатта слесарь, андан соң насостук станцияда машинист, электрик, сантехник болуп иштеген. 1987-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Ал «Кореяны бошотуу үчүн» жана Улуу Ата Мекендик согуштун юбилейлик медалдары менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×