Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуКадамжай району 18.04.2019 17:01 На русском

Айыл турмушу: Кадамжайлык А.Максытов Россиядан алып келген жоогазындарды гектарлаган аянттарга өстүрүүнү пландап жатат (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын 25 жаштагы тургуну Абдумалик Максытов 3 жылдан бери Россиянын Хабаровск шаарынан жоогазындарды өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы анын чарбагы менен таанышып кайтты.

Өзүнүн айтымында, 3 жыл мурда 100 түп жоогазын алып келип отургузган. Учурда гулдөрдүн саны 1 миңден ашты. Гүлдүн түрүн өстүрүү — чыгашасыз бизнес.

«Негизи өзүм кооз гүлдөрдүн түрүн өстүргөнгө кызыгам. 2016-жылы Россиянын Хабаровск шаарынан сары жоогазындан 50 даана, кызыл жоогазындан 50 даана алып келген элем. Хабаровсктун көчөлөрүндө, дачаларында өсүп турганын көрүп, гүлдү жакшы көргөн жаным кызыгып, Кыргызстанга кайтып келе жатканымда тааныштардан сураштырып жатып, 1 түп гүлдү 50 рублдан сатып алгам. Алып келип, кокон гилас багымдын ичине отургузганбыз. Учурда гүлдөрдүн саны 1000ден ашты. Келечекте бул гүлдөрдү гектарлап көбөйтөм деген пландарым бар. Шаар мэрлери менен келишим түзүп, шаарларыбыздын көчөлөрүнө, имараттардын алдына эгүүнү сунуштайм деген планым бар», - деди ал.

Каарманыбыздын айтымында, жоогазындарды өстүрүү көп деле мээнетти талап кылбайт.

«Жоогазындын тамыры пияз сыяктуу болот. Алардын уругу мандалак же пиязы деп аталат. Астынан мандалактарын гүлүн төккөндөн кийин казып алып, кагаз кутуларга салып, караңгы жерге сактайбыз. Уруктарын ноябрь айында башка жерге эгип коебуз. Ошентип жылдан жылга гүлдөрдүн саны көбөйүп турат. Кышында да чыдамдуу болушат. Карда көп турса ошончо жакшы. Эрте жаздан баштап көгөрүп чыга башташат. Гүлүн дагы, уруктарын да сатса болот. 4 жолу сугарып, астын жумшартып чаап койсо эле жетиштүү. Эч кандай дары-дармектин кереги жок. Март айынын ортолорунан баштап гүлдөп, апрелдин аягында гүлүн төгөт. Бул гүлдү өстүрүү чыгашасыз жана көп мээнетти талап кылбайт. Гүл өстүрүп жакшы киреше тапса болот», - деди ал.

Абдумалик мырза гүл өстүрүүдөн сырткары күнөсканасына жашылча-жемиштердин көчөттөрүн өстүрүп, эрте жаздан баштап сатууга чыгарат. Андан сырткары 40 сотых жерде кокон гилас бак, 10 сотых жерге кулпунай өстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×