Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуЖумгал району 18.04.2019 17:42 На русском

Акыркы жолу ооруп жатканын айткан: Түркияда иштеп жүргөн Каухар Өткүлбекова дайынсыз жоголду (сүрөт)

Каухар Өткүлбекова
Каухар Өткүлбекова
// Turmush

Turmush -  Түркия мамлекетине иштегени кеткен 25 жаштагы Каухар Өткүлбекова дайынсыз болууда. Бул тууралуу анын апасы Нуржамал Байзакова аймактык кабарчыга билдирди.

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын 1994-жылы туулган тургуну Каухар Өткүлбекова 2015-жылдан бери Түркиянын Стамбул шаарына барып-келип эмгектенип жүргөн. Кесиби боюнча ашпозчу. 2017-жылдын сентябрь айында кайрадан Стамбул шаарына учуп кетип, Багжылар (Bağcılar) районундагы университеттин маңдайындагы кафелердин биринде ашпозчу болуп иштеп жүргөн. 2018-жылдын декабрь айында байланышка чыгып, ата-энесине ооруп жатканын айткан. Ал ооруканага көрүнгөнүн билдирип, ыйлап, анализдеринин жыйынтыктары чыкса телефон чала турганын айткан. Ошондон бери аны менен байланыш үзүлүп, дайынсыз болууда.

Каухар Түркияда акыркы жолу +90 536 067 3474 телефон номурун колдонуп жүргөн. Учурда апасы социалдык тармактарга билдирүү таратып, Кыргызстандагы укук коргоо органдарына кайрылып жатат.

Каухар Өткүлбекованы көргөн-билгендер болсо 0709 15 22 00 номуру аркылуу апасына же 0559 89 19 24 номуру аркылуу таежеси Нуржамалга байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×