Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусу, Нарын 18.04.2019 18:17

Нарын шаарынын кире беришине 12 млн сомдук арка курулат

Turmush -  Бүгүн, 18-апрелде өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын шаарынын кире беришинде болду.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, ал жерде тиешелүү тармак башчылары арканы кайра жаңыртуу боюнча тапшырмаларды алышты.

Бул арканы реконструкциялоого сарпталуучу каражатты жергиликтүү жеке ишкер колго алган.

Жаңы арка жалпы 15 сотых жерди ээлейт. Узундугу 14 метр, туурасы 8 метр жана бийиктиги 12 метр болот. Анын болжолдуу суммасы 10-12 млн сомду түзүүдө. Арка металл менен жасалып, сырты мрамор менен капталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×