Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусу, Ош 19.04.2019 09:43 На русском

Россияда агасынын өлүмүнүн бетин ачып, теңине албаган тергөөчүлөрдүн оозун ачырган милициянын майору (сүрөт)

Г.Шарипов үй-бүлөсү менен
Г.Шарипов үй-бүлөсү менен

Turmush -  39 жаштагы милициянын майору Гүлжигит Шарипов Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматында лизенция-уруксат берүү, курал-жарактарды мыйзамдаштыруу тобунун ага тескөөчүсү болуп иштейт. Ал криминалдык милициянын ыкчам иликтөө бөлүмүндө дагы иштеген. Ошол кезде башынан өткөн окуяларды аймактык кабарчыга айтып берди.

Гүлжигит мырза 15 жылдан бери ички иштер органдарынын ар кайсы бөлүмдөрүндө эмгектенген.

«Эмгек жолумду Ош шаарындагы мектептерде өспүрүмдөр менен иштөө инспектору болуп баштагам. Бир мектепте чоң класста окуган окуучулар төмөнкү класстын окуучуларына салык салып жүрүшүптүр. Өспүрүмдөр өздөрүн чоң кишидей сезишип, катуу айтсаң сени деле сабап салчудай болушат. Ишибиздин жыйынтыгын көрсөтүү үчүн салык салууну токтотушум керек болчу. Алар менен (чоң класстын окуучулары) достошуп, көйгөйлөрүн, талаптарын уктум. Талаптары — дискотека өткөрүүгө жана түндө отуруштарга барууга уруксат берүү болду. Мугалимдер менен сүйлөшүп, талаптарын аткарган соң, алар да менин талабымды аткарышып, салык салганды токтотушкан. Андан бери 11 жыл өттү. Азыр ошол балдардын кээ бири ички иштер органдарына жумушка киришти», - деди Гүлжигит Шарипов.

Ал ошол учурда уюлдук телефон жок болгондуктан өспүрүмдөр арасындагы суицид салыштырмалуу аз болгонун айтты. Жумушунда көпчүлүк иштер кызматтык сыр болуп айтылбагандыктан, коомчулук алардын эмгегин баалабай, «кылмыштын бетин ача алышпайт» деп ойлошоорун билдирди.

«Бир адамдын жакын тууганы уурулук кылып же дагы башка кылмыш жасоого айыпталып, аны соттолгончо камап койсок, кээ бирөөлөр дароо "милиция жаман, ак жеринен каралап, күнөөсүн мойнуна алдырып койду" деп айтышат. Ууруну таппай жатсак "булардын колунан эч нерсе келбейт" дегендер бар.

Менин кызматым бир тууган агамдын өлүмүнүн бетин ачууга жардам берди. Орусиянын Новосибирск шаарында эмгектенип жүргөн агам 1 ай дайынсыз жоголуп кеткен. Жумушумдан уруксат алып, агамды издөөгө Россияга барып, тергөөчүгө жолуктум. Агамдын өлүп-өлбөгөнүн билишпей, шектүүлөрдү да таба албай жатышыптыр. Анан өз пикиримди айтып, баланча жол менен иликтейли десем эч ким тоготкон жок. Ошол жерде иштеген милициянын капитаны, тергөөчү аял бар экен. Ага жолугуп, иштин чоо-жайын айтсам "жардам берем" деп калды. Экөөбүз издөө иштеринин, кылмышкерлерди табуунун жолдорун түздүк. Агам орус улутундагы жигиттер менен чогуу жашаган үйдө жүрүп эле жоголуп кеткендиктен, тергөөчүлөр ошол балдарды сүйлөтө албай жүрүшүптүр. Мен агамдын денеси жакын эле жерде болушу мүмкүн экенин айтып, агам менен чогуу жашаган жигиттер менен иштөөнү сунуштадым. Ошентип 2 күндөн кийин агамдын денесин өзү жашаган үйдүн артындагы эле токойдон таптык. Көрсө чогуу жашаган жигиттер менен уруша кетип, алар агамды өлтүрүп, жерге көмүп салышкан экен. Тергөө бүткөндөн кийин милиция бөлүмүнө барсам, капитан аял "Кыргызстандын кызматкерлери ушундай мыкты иштейби..." деп таң калган», - деди мурдагы ыкчам иликтөө кызматкери Г.Шарипов.

Ал кээ бир кылмыштардын бетин ачууда жарандык кийим кийип, ар түрдүү жумуштарда иштегенин айтты.

Мисалы, Кара-Сууда баңгизат менен иштеп жүргөн адамды кармоо үчүн унаасына таксинин шашкасын коюп алып, шектүүнү күтүшкөн. Ага окшоштуруп башка адамды унаага салып алышкан. Бирок аны түшүрбөй, унаада кармап отурушкан. Дагы бир кылмыштын бетин ачууда алардын колунда шектүүлөрдүн болжолдуу 1 гана телефон номуру болгон жана анын айынан 2-3 миңдей адамга чалып чыгышкан. Шектүүлөрдүн тизмесин түзүп, аларды үймө-үй кыдырып, издеп, анан табышкан.

Гүлжигит Шарипов жумушунан тышкары «Өзгүр» футбол командасынын машыктыруучусу. Кесиптештеринин айтымында, ал футбол командасына ар кимди демөөрчү болууга үндөп, суусундук, тамак-ашын көтөрүп алып командасын Ош шаарында өткөн чемпионатта 1-орунга жеткирген. Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында футзал боюнча өткөн чемпионатта «Өзгүр» командасы 1-орунду алганын жазган.

Г.Шарипов үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×