Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Нарын облусуАт-Башы району 19.04.2019 10:30 На русском

Ат-башылык Ж.Шейшенбаева балдарына жөлөк пул берилбей жатканына нааразы

Turmush -  Ат-Башы районунун тургуну Жазгүл Шейшенбаева 3 баласына жөлөк пул ала албай келет. Ал бул маселе үчүн акимге чейин кайрылып, бирок жыйынтык болгон эмес.

«Акыркы 4 жылдан бери балдарыма жөлөк пул ала албай келем. Андан мурда алып жүрчүмүн. 3 эркек, 1 кызым бар. Улуусу быйыл студент болду, кийинкилери 6-класс, 1-класс, бири мектепке даярданып жатат. Мен эч жерде иштебейм. Анда-санда гана иштейм. Жөлөк пулду кыскартышкан. Анын себеби, жолдошум мектепте кароолчу болуп иштечү. Айлыгы 5000 сом болчу, колуна 4500 сом алчу. Ошондон улам кыскартышкан. Акимге чейин арыз жазып кирген күнүм болду. Соцфондго бардым, эч кандай жыйынтык чыкпай койду. Жолдошум иштебей калгандан кийин 3 айдан кийин келесиң дешти. Жолдошум 2 жыл иштеди, андан кийин иштебей калды.

Ошентип 4 айдан кийин кайрылдым. 2018-жылдан баштап арыз жазып, документ тапшырдым. Үйүңдү текшерип барабыз дешти. Аңгыча эле баламды шаарга окууга алып барыш керек болуп, мен шаарга жөнөп кеттим. Ошондо текшерип барышкан экен. Менин жоктугума байланыштуу ошого да чыкпай калды дешти. Мурда дагы унааңар бар экен деп чыгышты. Бирок ал биздики эмес болчу», - деди ал.

2019-жылдын март-февраль айында аймактык кабарчы Ат-Башы райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылып, Жазгүл Шейшенбаеванын жөлөк пул маселеси жөнүндө сураган. Алар кабарчыга март айында үйүн көрүп, документ кабыл аларын айтышкан.

«Өкмөт биздей жетишпеген үй-бүлөлөргө жардам бербегенде кандай адамдарга жардам берет? Түшүнбөйм. Балдарыбыз 18 жашка чыккандан кийин жардам беришеби?», - деп кошумчалады Жазгүл Шейшенбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×