Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Чүй облусуМосква району 19.04.2019 13:41 На русском

Москва районунда түн катып качкан 13 жаштагы кыздын окуясы

Turmush -  Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак мектебинин 6-классынын окуучусу — 13 жаштагы Айгиза түнкү саат 03:00дө үйүнө качып барган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга апасы Мейилбүбү Токтогойчиева билдирди.

Анын айтымында, кызы жатак мектептен 10-мартта кечки саат 20:30 чамасында качып чыккан. 11-мартта түнкү саат 03:00дө «Манас» аэропорт тараптагы Дача СУ тилкесиндеги үйүнө барган.

«Менин кызым Беловодск айылындагы атайын жатак мектепте окуйт. Аты Айгиза. Кызымдын качып кеткен себеби — тарбиячысы Елена Телегина күн көрсөтпөй кордогон. Чачынан сүйрөп, тамагынан муунтуп, таяк менен башына уруп кыйнаган. “Класстын полун күнүгө жууйсуң” деген. Андан тышкары шымын чечип, балдардын алдында уят жерлерин көрсөтүп кыйнаган. “Апаңа айтсаң мындан да жаман акыбалга келтирем. Эч кимге айтпайсың” деген. Кызым качкан күнү мен Жалал-Абад облусунун Аксы районунда атасынын жылдыгына кам көрүп жүргөм. 11-мартта түнкү саат 03:00дө Беловодск айылынан Дача СУ келген.

Кызымды эмне үчүн мынчалык кордошот, эмне себептен урушат? Кайсы айыбы үчүн урат? Атасы жок, апасы унчукпайт дешеби? Эмне кемчилдиги бар? Эч нерседен кем кылбай, эмне десе бардыгын алып барып берем. Акча десе да берем. Беловодск айылынан Дача СУга качкан түнү бирөө өлтүрүп же зордуктап койсо ким жооп берет? Эмне үчүн директор буларды көзөмөлгө албайт? Кайра кемчилигин жаап-жашырып отурат. Иштен айдалат дегендин ордуна кайра “эч ким эч жакка кетпейт”дейт.

Улуу тарбиячы Кеңешбекова, медайым Индира жана башкалар бир унаа болуп, белектерин көтөрүп келишиптир. “Кой эми, кечирип кой. Ушунчалыкка барбайлы” дешет. Балага жакшы сүйлөп, жакшы тарбия берсе жакшы жүрөт эле. Телегинанын классына өткөндөн кийин биротоло чүнчүп, коркок болуп, окубайм дейт. Өзү майып болсо, эмне себептен кордошот? Ушуга чейин кечирип келгем. Эми кечирбейм. Булардын урмак түгүл катуу сүйлөгөнгө акысы жок. Кийими кирдеп, башы биттеп, жара басып кетиптир. Мен жатак-мектепке ишенип бергем.

Демөөрчүлөрдүн белектерин көрбөйбүз. Тамагы да начар. Директор кабинетинде отуруп алып, ата-энелерди чакырып өкүрөт. Министрликке да жазгам. Мен да 2 жашымда апамдан ажырап, жатак мектепте окугам. Мен окуган жерде класс жетекчибиз, тарбиячыбыз эркек кишилер болгон. Алар жакшы тарбия берген. Булар аял башы менен мыкаачылык кылып жатат.

Менин бир эле эмес, 2 кызым тең майып тобунда турат. Кудайга шүгүр, буту басып, тың жүрөт. Чоң кызымдын эс-тутуму начар болуп жатат. Кийинки кызым 5 жолу операция болуп чыкты.

Алар ар кимди ортого салды. Бир айда бир жолу барып алып кетчүмүн, баарын алып берчүмүн. Мен ичпейм, жаман жолдо жүрбөйм. Ушуларды багам деп тынбай иштеп жүрөм. Мамлекеттик мектеп болгон соң жакшылап карашпайбы», - деди Мейилбүбү Токтогойчиева.

Ал андан ары сөзүн улап: «Кызым 10-мартта качканда чоң жолго чыгат. Аны көрүп калган бейтааныш аял автоунаа менен Бишкек шаарына алып келген. Ал жерден таксиге акча төлөп, айдоочуга дайындап, биздин үйгө жөнөткөн. Кызым үйгө келген соң, биз жок болгондуктан кошунабыздын үйүндө түнөгөн», - деп кошумчалады ал.

Анын мындай пикирин жатак мектептин директору Наспекова Венера Асаналиевна четке какты. Бирок кыздын качканы чындык экенин моюнга алды.

«Мен бул күндөрү эмгек өргүүдө элем. Кабарды уктум да, жумушка чыктым. Баарын териштирдим, изилдедим, анализдедим. Бирок тарбиячы Телегина Елена Анатольевна андай кадамдарга барбайт эле. Ал тажрыйбалуу тарбиячы. Балдар, педагогикалык жамаат кадырлашат, сыйлашат. Бизде учурда 158 окуучу, 22 тарбиячы-мугалимдер эмгектенет. Баары ынтымактуу, биримдикте эле болчу. Кыздын апасы М.Токтогойчиеванын айтканы жалган. Кыз качкандыгы туура. Ал апасын сагынып качкан. Себеби, 1,5 ай кызына келбей койгон. Тарбиячылар Дача СУга барганда кыздын ден соолугу жакшы экендигин аныкташты. Биз апасы менен жолугуу үчүн анын Аксыдан келишин күттүк. Кечээ, 18-апрелде атайын комиссия бардык. Бирок М.Токтогойчиева адамгерчилик мамиле түзбөй, бизди сыйлабай, жеткиликтүү жооп айтпады. Кемчилик кетирген жатак-мектептин кызматкерлери өз жазасын алат. Аны ыкчам аракеттер менен чечем. Мындай жагдайды Билим берүү министрлигине да жеткиргем. Бардык жоопкерчиликти алуу менен тарбиячыларга административдик жаза колдонууну жүргүзөм. Менин айтарым, арыздануучулар эң алгач мага кайрылуусу зарыл эле», - деди директор.

45 жаштагы тарбиячы Елена Телегина жана 46 жаштагы медайым Индира Өмүржанова да пикирин айтты.

«10-мартта окуучулар саат 19:00дөн саат 19:30гө чейин тамак ичишкен. Бул убакта Елена Телегина балдарды түнкү багуучу Анара Сарманбетовага өткөрүп берет. Эреже боюнча окуучулар саат 20:00да жатышат. Айгиза да өз керебетине жатат. Болжол менен саат 22:00 чамасында ал суранып, ажатканага барып келген. Эртеси 11-мартта эртең менен жаткан жайында жок болуп, ызы-чуу башталды. Ал керебетине өзү жаткандай кылып кийимдерин ороп коюп, терезеден чыгып, мектептин бетон тосмосунан ашып кетиптир. Биз дароо Дача СУга бардык. Кыздын эч жери көк ала болбоптур. Аксыдан апасынын келишин күттүк. Кечээ, 18-апрелде директорубуз баш болуп бардык. Кабыл албай, мамилеге келбей койду», - дешти алар.

Елена Телегина: «Мен балдарды кантип урам? Апасы жалган айтат. Мен балдарды жакшы көрөм», - деди.

М.Токтогойчиева 3 баланын энеси. Уулу Бекболсун 17 жашта, кыздары – Айгиза 13, Гүлиза 10 жашта. Эки кызы тең майып катары каттоодо. Жолдошу 2018-жылы каза болгон.

Учурда бул окуяны тиешелүү органдар карап, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×