Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуЧоң-Алай району 19.04.2019 12:24 На русском

Чек арадагы чыр: Чоң-алайлыктар бийликтен тез арада жайыт талашын чечип берүүнү суранышууда. Видео

Turmush -  Чоң-Алай районунун тургундары чек ара меселесин чечип берүү боюнча Жогорку Кеңешке жөнөткөн каттары жоопсуз калып жатканын айтышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тажикстан менен чектешкен Кара-Тейит, Карамык айылдарынын тургундары илгертен бери пайдаланып келе жаткан Унжу-Булак жайыты карта боюнча тажик тарапка караштуу экенин жакында эле билишкен. 1924-1925 жана 1961, 1989-жылдардагы карта боюнча Унжу-Булак жайлоосу Тажикстанга карайт. Ошондон улам жергиликтүү жашоочулар Тажикстандын чек арачылары чектен өтүп кеткен малдарды өздөрү тарапка айдап кетип калган учурлар болгонун айтышты.

90 жаштагы Кара-Тейит айылынын тургуну Алимбай Таштанбековдун айтымында, 1936-жылдары жер маселесинен улам чыккан чырдан кийин кыргыздар тажиктерди Тажик-Абадга чейин кууп барышкан.

«Илгертен куда-сөөк болуп, кирди-чыкты болуп жашап келебиз. Бирок такталбаган чек арада жашоо кыйын экен. Согушка чейин тажиктер менен чырдашып, аларды кууп, анан эки эл элдешкен жерди "Жараш" деп атап койгонбуз. Тажиктер “Яраш” деп атап жүрүшөт. Азыр ал жерден бери карай 5-6 айыл бар. 1942-49-жылдары арпа эгип, мал жайып, аталган жайытты биз колдонгонбуз. 1985-89-жылдары жергиликтүү жетекчи Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы айдоо жерин айдатып, чийдирткен картасы боюнча жердин көпчүлүк бөлүгү Тажикстан тарапка берилип калган экен», - деди А.Таштанбеков.

Жекенди айылдык кеңешинин төрагасы Сагынбек Халиловдун айтымында, тажикстандык чек арачылар аны жайлоодо эс алып жүргөн жеринен «бул жер биздин аймакка карайт» деп 1,5 суткага кармап кетишкен. С.Халилов аймакка чек ара статусун берүүнү жана Унжу-Булак жайлоосун жер алмашуу жолу менен болсо дагы алыш керек экенин айтат. Бирок тажик тарап Кыргызстан сунуштаган жайытты эмес, Алтын мазар жайлоосун сурап жатышканын билдирди.

Ал эми 72 жаштагы Зикирали Жаркынов жашай турган жер даяр болсо көчүп кетишээрин, бирок ата-бабалар сактап келген жерди «алдырып жибербейли» деп көчпөй жатышканын айтат.

«Баткен окуясында можахеддер биздин айылга бомба таштаганда да качкан эмеспиз. Айылдын имамы "ким качса кете берсин, бирок кийин ушул жер үчүн урпактарыңардын алдында жооп бере албай калбагыла" деп кетирбей, кармап калган. Калктын саны аз болуп, дотацияга кирип, облустун эң четки аймагында жашасак да көчпөй жашап жатабыз. Биз тарапка көрүнүп турган тоонун ары жагында Соку-Таш, Кыр-Таш, Ат-жайлоо, Көбүктү деген жайыттар, жайлоолор бар. Азырынча алардын Тажикстанга өтүп-өтпөгөнүн билбей жатабыз», - деди Зикирали Жаркынов.

Ал эми Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек Колдошов тиешелүү органдарга үч жолу кайрылуу жиберишкенин айтты.

«14-мартта Жекенди айылдык кеңеши тарабынан Жогорку Кеңешке биринчи кайрылуу жасалган. Андан соң 22-мартта 500дөй жашоочунун атынан экинчи катты жолдодук. 30-март күнү жергиликтүү бир телеканал аркылуу да кайрылдык. Элдин талабы — жер алмашуу менен болсо дагы Унжу-Булак жайытын кайра кайтарып алуу. Мен өзүм айыл башчысы катары эмес, ушул айылдын жашоочусу катары жердин бир карышы болсо да бизге калса дейм. Жогорку Кеңеште бул маселе качан каралаарын билбейм», - дейт Жээнбек Колдошов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×