Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Чүй облусуПанфилов району 19.04.2019 12:28

Панфилов районундагы Букарада электр тирөөчтөр боюнча кайрадан нааразычылык жаралды

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Орто айыл өкмөтүнүн Букара айылындагы электр тирөөч Кумарык айылына орнотулду. Буга Букара айылынын тургуну Алиса нааразы болууда.

«Биз бул участокту сатып алганыбызга 3 жылдын жүзү болуп калды. Колхоздун эски сарайын кошо сатып алганбыз. Ошондо эски сарай менен үйдүн ортосу карама-каршы турат. Бул электр мамысы сарай менен үйдүн ортосунда турган болчу. Биз ошол мамы аркылуу үйгө да, сарайга да электр жарыгын тартып бармакпыз.

Союз мезгилинде бул мамы аркылуу электр жарагы тартылып турчу экен. Колхоз-совхоз тараган соң сарайды, үйдү бузуп кетишкен экен. Пайдубалы эле калган. Киши жашабай калган соң, электр жарыгы тартылбай, зымдар алынган экен. Жер тилкени саткан киши бул мамы аркылуу үйгө электр жарыгын тартып алсаңар болот деп айткан. Биз жерге бардык документтерди алганбыз. Быйыл үйдүн чатырын жаап, кашардын пайдубалын куйсакпы деп жатканбыз. Бирок электр жарыгы жок. Биз деле Кыргызстандын жараны болгон соң, электр жарыгы менен камсыз болууга укугубуз бар да. Мен албетте, бардык айылда электр мамысы болушун каалайм. Бирок мамыбызды жулуп, башка айылга алып барып, жыртыкты ушинтип жамаган кантип жакшы болсун. Баарыбызга мамыны бирдей беришсин да.

Айыл өкмөт башчыга телефон чалсам: "билбейм, уккан жокмун. РЭТтин балансында болсо алып кетет. Биздин тиешебиз жок" деп жооп берди. Бирок жолдошум РЭТтин жетекчиси менен байланышканда кайра ордуна коюп берем деп сөз бериптир», - деди ал.

Ал эми Панфилов райондук РЭТтин жетекчиси Марат Абдымалик буларга токтолду.

«Кумарык айылында элдер бак кыйып жатып, бир мамыны кулатып алышкан экен. Жыгач мамы болгону үчүн ал жарабай калды. Биз ошол себептен бош турган мамыны алып барып орноттук. Болбосо Кумарык айылынын тургундары электр жарыксыз калуу коркунучунда болчу. Ал эми сарайды сатып алган киши мамы меники болчу дейт. Ал сарайды сатып алды, мамыны сатып алган жок. Ал мамы бизге караштуу. Биз аны ушундай авариялык учурда колдонууга укугубуз бар. Анын үстүнө, ал мамы колдонулбай турган болчу. Мен ал кишиге түшүндүрүп, азырынча авариялык мамынын ордуна орнотуп туралы, анан сизге жаңысын алып барып тургузуп берем деп айттым.

Ал эми Букарадагы авариялык 15 мамы боюнча айтсам, бизде 7 айыл өкмөт бар. 2015-жылы Букара айылына 8 мамы коюп, трансформатор орнотуп бергенбиз. Бир нерсе болсо "биз интернетке, президентке жазабыз" деп коркута беришет экен. "Кимге жазасыңар бул силердин укугуңар. Бирок силердикиндей маселе башка айылдарда да бар. Биз өзүбүздүн графигибиз боюнча, мыйзам чеги менен иш алып барабыз" деп айткам. Бизде бир гана мамы маселеси эмес. Электр чубалгыларды алмаштырабыз. Жаңы конуштар түптөлүп жатат. Аларды жарык менен камсыз кылабыз. Баары орду-орду менен, график менен болот», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Панфиловдун Букара айылындагы тургундардын көкөйүнө көк таштай тийген авариялык электр тирөөчтөр боюнча жазган.

«Бул маселе боюнча бир нече жолу тиешелүү жерлерге кайрылганбыз. Бирок эч кандай жооп болгон жок. Кырсык айттырбай келет дегендей, шамал болсо жыгылып калчудай болгон электр карагайларын зым менен эптеп байлап коюшкан. Анын канчалык коркунучтуу экенин эч ким сезбей жатат. Эгерде зым карагай кулап, көйгөй жаралса ким жооп берет? Болжолдуу түрдө 1968-1969-жылдары орнотулган бул карагайлар чирип бүттү. Ошондой эле биздин айылда бир жыл мурун көчөнү жарыктандыруу боюнча иштер жүрүп, ар бир экинчи зым карагайга прожектор коюлган. Айыл тургундары аябай кубанган. Бирок коюлган күндөн тартып жыргатып деле кызмат кылган жок. Жарыктандыруу айылдын башына жетпей калган. Ал эми прожекторлор туура эмес коюлгандыктан зым карагайдын түбүнөн башка жерге жарыгы жетпейт. Мисалы Эркин-Сай, Орто-Кайырма айылдарындагы көчөлөрдүн жарыгы көз уялтат», - деди жергиликтүү тургундардын бири.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×