Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Нарын облусуАт-Башы району 19.04.2019 13:04

Ат-Башыда кооптуу аймактарда жашаган тургундарга көчмө окутуулар жүргүзүлдү

Turmush -  Ат-Башы районундагы кооптуу аймактарда жашаган тургундарга көчмө окуулар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Уланбек Эсеналиев билдирди.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун адистери — майор Мирбек Шерматов, улук лейтенант Чолпонай Суранова кооптуу аймактардагы жергиликтүү калкты өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, сактануу ыкмалары жана эрежелери жөнүндө көчмө окутуу планынын негизинде Ат-Башы районунун Ат-Башы, Ак-Жар, Кара-Суу, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды айыл аймактарындагы тургундарды окутушту. Аталган окууга жалпы район боюнча 1231 жаран катышты.

Мындан сырткары, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы мектебинде 108 окуучуга, Ак-Жар айылындагы Жаналы уулу Абдыракман атындагы мектебинде 54 окуучуга, Кара-Суу айылындагы Карыбек Карпеков атындагы мектебинде 58 окуучуга, Баш-Кайыңды айыл аймагынын Большевик айылындагы А.Табылдиев атындагы мектебинде 37 окуучуга сабактар өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×