Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Чүй облусуСокулук району 19.04.2019 14:14

Айыл турмушу: Тулеубектин футболчу уулу гол киргизген оюнчулар «алдейлеп» кыйкырганын унутпайт

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Крупск айыл аймагынын футбол машыктыруучусу Тулеубек уулу Кайрат 4 жылдан бери өспүрүмдөрдү машыктырып келет. Ал бала кезинде күнү-түнү футбол ойночу. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Футболду сүйгөн окуучуларымды, тактап айтканда 2004-2005-жылы төрөлгөн балдарды 4 жылдан бери машыктырып келем. Азыркы учурда жалпы 40тан ашуун окуучум бар. Мен машыктырган окуучулар 2015-жылы Бишкекте чемпион болушкан. Ушул эле окуучуларым 2018-жылы Сокулук районунда өткөн турнирде 1-орунду, 2019-жылы Чүй облусу боюнча өткөн турнирде 3-орунду, 2018-жылы Бишкек шаарында өткөн мелдеште 3-орунду багындырышкан. Келечекте ушул окуучуларымдан дүйнөгө атагы чыккан футболчулар чыкса деп тилек кылам. Аларга бардык күч-аракетимди жумшап, машыктырып келем», - деди ал.

Машыктыруучу 12 жашынан тартып футбол ийримдерине катыша баштаган.

«Футболго кичинекей кезимден эле аябай кызыкчумун. Эсимде, үйдөгүлөр кыйкырып, издеп келгиче балдар менен топ тээп, тердеп-кургап ойночумун. 12 жашымдан баштап атайын футбол ийримдерине катыша баштадым. Бир жылдан кийин командам менен Казакстанга мелдешке бардык. Ошондо биринчи жолу сыртка чыгып ойногом. Беш жылдай чоң футболдо ойнодум. Кийин кичи футболго келип, азыркы күнгө чейин ойноп келем. Азырынча профессионалдык деңгээлдеги чоң жеңиштерим жок. Бирок футбол сүйүүчүлөрдүн лигаларында алган сыйлыктарым бар. Бир командада ойноп, 2014-жылы «ФУТ» лиганын 2-дивизионунун чемпиону, «Pinto» курама командасында ойноп, «Ала-Тоо кубогу-2015» мелдешинде 2-орунга ээ болгонбуз. «Elizaveta» курама командасында ойноп, 2016-жылы «AFL» лигасында 3-орунга ээ болгонбуз. Андан соң «Алай-Мурдаш» командасында ойноп, 2017-жылы «AFL» лигасында 2-орунга ээ болгонбуз. 2018-жылы Сокулук районунун Крупск айыл аймагынын «Мыкты машыктыруучусу» деген наамга татыдым», - деди ал.

Кайрат эсинен кетпеген окуясын дагы айтып берди.

«Футболдогу бир көз ирмем эстен кетпейт. Мелдеш учуру болчу. Мен жаракат алып, оюнга катышпай, четте карап турдум. Командам дарбазага топ киргизгенде баарыбыз кол чаап, кыйкырып, «ураалап» жибердик. Анан эле командам катарга тизилип, мени карап, колдорун булгалап, «алдей, алдей» деп башташты. Командам менин ошондогу дагы бир сүйүнүчүмдү унутушпаптыр. Футбол талаасында куттуктап коелу дешкен экен. Анда мен жаңы эле кыздуу болгом. Ошондо 2014-жыл болчу», - деди ал.

Тулеубек уулу Кайрат 1991-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.

«Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Алтындай болгон келинчегим бар. Бир кыз, бир уулду тарбиялап, өстүрүп келе жатабыз. Кызым беш жарым жашка толсо, балам бир жаш сегиз ай болду.

Өзүм атайын машыктыруучулардын курсунан билим алгам. Азыр болсо Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында жогорку билим алганы жатам.

Бош убактымда көбүнчө балык уулоого барууну жакшы көрөм. Ошондой эле үй-бүлөм менен эс алуу жайларына барабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×