Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусу, Ош 19.04.2019 16:59 Жаңыланды: 19.04.2019 17:50 На русском

Баткендеги прокурордун өлүмү: Экспертизанын жыйынтыктарында күмөндүү жагдайлар бар, - шектүүнүн жактоочулары

Turmush -  Баткен облусунун мурунку прокурору, маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелген Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун жакындары жана жактоочулары козголгон кылмыш иши боюнча комиссиялык экспертиза өткөрүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу алар бүгүн, 19-апрель күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Алардын айтымында, тергөөчүлөр шектүү М.Калыковдун толук көрсөтмөсү жок эле ишти сотко өткөрүүгө камынып жатышкандыгын билдиришти. Ал эми шектүүнүн жактоочусу Асылбек Кунгуров тергөө объективдүү болбой жаткандыгын айтты.

«Биз дагы чыныгы күнөөлүүлөрдү табууга кызыкдарбыз. Менин оюмча маркум А.Мамажакыповдун жакындары дагы чыныгы күнөлүүнү табууну каалашууда. Кылмыш иши 2018-жылы 18-ноябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан козголгон. 19-ноябрь күнү аталган иш ИИМдин Ош шаарындагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө бөлүмүнө өткөн. Кылмыш иши козголгондон бери 5 ай өттү. Азыр тергөө иштери 1 айга узарган. Тилекке каршы ушул 6 айдын ичинде Мелис Калыков көрсөтмөсүнүн 30 пайызын гана берген. Тергөө иштери 2018-жылдын 16-ноябрындагы окуялардан башталган. Анда прокуратура кызматкерлеринин бирөөсүнүн үйүндө той болгон экен. Аңчылыкка чыккан 6 прокурор менен Мелис Калыков жана арак заводунун башчысы Эрнист Базарбек уулу деген болгон. Жалпысынан 8 киши. Бүгүнкү күндө тергөө материалдарынын ичине М.Калыковдун аңчылыкка барганга чейинки окуясы көрсөтмө катары кошулган. Бирок кылмыш болгон 17-18-ноябрь күндөгү окуялар боюнча М.Калыковдун көрсөтмөсүн алыша элек. Биз жалпысынан даттануу, өтүнмө, өтүнүч, жактоочулук суроо-талап катары 147 жолу кайрылганбыз. Тилекке каршы биздин арыздардын 90 пайызын "канааттандырарлык эмес" деп таап коюшту. Ошондуктан тергөөнүн объективдүү жүрүшүнө биздин жана М.Калыковдун өзүнүн күмөнү бар. Кылмыш 17-ноябрь күнү болсо, 18-ноябрь күнү кечинде М.Калыковду кылмышка шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Бирок 20 саат бою Мелиске бир дагы жактоочу чакырылган эмес. Ошондуктан М.Калыковдун алгачкы көрсөтмөлөрү жактоочусуз алынган. Кийин иш ИИМдин Ош шаарындагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө бөлүмүнө берилгенде М.Калыков тергөөнүн объективдүүлүгүнө ишене баштаган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө күмөндүү жагдайлар пайда болсо дагы, тергөөчү "таанышасыңарбы же таанышпайсыңарбы? Ишти сотко өткөрөм" деп жатат. Биз жана М.Калыков тергөөнүн материалдары менен таанышууга кызыкдарбыз. М.Калыков "суракты толук берип бүтөйүн, андан кийин күбөлөрдүн арасында карама-каршылык пайда болсо беттештирүү жүргүзгүлө, тергөө бүткөндөн кийин анан сотко жөнөткүлө" деп бир нече жолу тергөөчүгө, тергөө бөлүмүнүн башчысына, прокурорго кайрылган.

Кечээ эле тергөөчүнүн биздин арызыбызга баш тартканы боюнча Ош шаардык сотуна кайрылганбыз. Тилекке каршы Ош шаардык соту биздин кайрылуубузду "канааттандырарлык эмес" деп таап, "өтүнүчтү сурак менен таанышып бүткөндөн кийин берсеңер болот" деп чечим чыгарды. Биз бул боюнча Ош облустук сотуна кайрылабыз», - деди шектүүнүн жактоочусу А.Кунгуров.

М.Калыковдун дагы бир жактоочусу Сартбай Жайчыбеков чыгарылган экспертизалардын ар биринде бүдөмүк жагдайлар бар экенин кошумчалады.

«Топтолгон материалдарда чоң каталар бар. Тергөө туура эмес жүргүзүлгөн. Ошондуктан тактай турчу маалыматтар көп. Азыр менин алдымда турган кагаздардын баары экспертизага тиешелүү документтер болуп саналат. Жалпысынан 30дай экспертиза жүргүзүлгөн. Ар бир чыгарылган экспертизанын корутундусунда бүдөмүк жагдайлар бар», - деди жактоочу С.Жайчыбеков.

Шектүүнүн апасы Гүлбара Абдрашитова дагы тергөө бир жактуу жүрүп жатканын айтып жатат.

«Мелистин атасы уулум кармалгандан кийин инфаркт болуп калды. Ал үйдө, баласын 5 айдан бери көрө элек. Менин балама күнөөнү илип коюшту», - деди шектүү М.Калыковдун апасы.

Прокурордун өлүмүнө шектелип жаткан М.Калыковдун эжеси Дарыйка Калыкова чыныгы күнөөлүүлөр табылууга тийиш деген пикирин билдирди.

Окуя тууралуу:

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун денеси Төрт-Гүл суу сактагычынын аймагынан табылган.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиниберенеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган.

А.Мамажакыпов Баткен облусунун прокурору болуп 2018-жылдын май айында дайындалган. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болуп эмгектенген.

30-январь күнү Баткен облустук сотунда Мелис Калыков Turmush басылмасына «бардык окуялар үчүн ал гана жооп бериши керек» деген пикирге макул эместигин билдирген.

«5 адам топтолуп, бир адамга зыян келтирсе, ошол күндөгү окуянын бардык катышуучуларын кармап, суракка алып, алардын жоопкерчилигин карап, андан кийин күнөөсүздөрдү чыгарса туура болот деп эсептейм», - деген ал.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×