Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Нарын облусуАт-Башы району 19.04.2019 18:18

Ат-Башы райондук китепкананын директору жергиликтүү депутаттарга эмне үчүн нааразы?

Turmush -  Ат-Башы райондук китепканасынын акциясына райондук депутаттар чакырылганы менен келишкен жок. Бул тууралуу Ат-Башы райондук китепканасынын директору Сымбат Аттокурова билдирип, аларга нааразы болду.

Анын айтымында, айыл өкмөттөргө чакыруу барактары берилип, бирок ага карабастан депутаттардан экөө гана келген.

«Болгон аракетибизди жасадык. Учурда китепкананын фонду аябай жарды болуп баратканын баарыбыз эле билебиз. Бул жерде мени өкүндүргөнү — жергиликтүү кеңештин депутаттарына чакыруулар берилген, бирок 2 депутат гана келди. Калганы катышкан жок. Бул акция Ат-Башы районунун жергиликтүү калкы үчүн жасалган. Депутаттарды эл шайлаган да. Калкты сыйлап келип койсо жакшы болмок», - деди ал.

«Бир адамдан бир китеп» акциясы райондук китепкананын фондун толуктоо максатында уюштурулган. Иш-чарага бир катар акындар, райондун акими, жергиликтүү тургундар катышты. Акцияда биринчилерден болуп китепканага китеп тапшырган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкери Кутмырза Жакыбалиев болду. Ал китепкана үчүн 800 китепти белекке алып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×