Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуЧоң-Алай району 25.04.2019 17:07 На русском

Чоң-Алайдын акиминин жеңеси — орун басары С.Туйгунова кызматынан кетти

Саадат Туйгунова
Саадат Туйгунова

Turmush -  Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаровдун орун басары Саадат Туйгунова өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн убактылуу басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова тастыктады.

Анын айтымында, С.Туйгунова кесипкөй жана тажрыйбалуу кызматкер. Ошондуктан ага Ош шаарынан жумуш орду каралып жатат.

«Саадат Туйгунова кызматынан сөгүш алып кеткен жок. Жакын туугандар бир жерде иштөөгө мүмкүн эмес деген мыйзамдын негизинде өз арызы менен ээлеген кызматынан кетти. Себеби Саадат Туйгунова Чоң-Алай районунун акиминин бир тууган жеңеси. Ал Ош шаарында жашагандыктан ошол жактан жумуш орду каралып жатат. Тажрыйбалуу, өз ишин мыкты аткарган кызматкер жумушсуз калбайт», - деди Нуркыз Кадырбекова.

Саадат Туйгунова өзү дагы жумуштан өзү жазган арыздын негизинде кеткендигин тастыктады. Анын айтымында, ал ротация жолу менен Бишкек шаарындагы Мамлекеттик кадр кызматына которулган.

Жумадилла Жапаров 2015-жылы 22-июнда Чоң-Алай районунун акими болуп дайындалган.

Эмгек кодексинин 68-беренеси. Мамлекеттик уюмдарда туугандардын чогуу иштешин чектөө

Бир же ошол эле мамлекеттик уюмдарда жакын туугандарга (ата-эне, жубайлар, ага-инилер, эже-сиңдилер, уул, кыз, ошондой эле жубайлардын, ага-инилери, эже-сиңдилери, ата-энелери жана балдары) иштөөгө, эгерде алардын иши Кыргыз Республикасынын өкмөтү аныктаган учурларды кошпогондо, бири экинчисине түздөн-түз баш ийишине же контролдугуна байланыштуу болсо, чогуу иштөөгө тыюу салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×