Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуЧоң-Алай району 13.05.2019 20:20

Оштогу мечиттер текшерилди

Turmush -  Ош облусундагы мечиттерде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Муфтияттын маалыматы боюнча, облус казысынын орун басары Нурбек Орунбаев баштаган казыят кызматкерлери хатибияттардын ишмердүүлүгү менен таанышып, иш кагаздарын текшеришкен.

Анын жүрүшүндө Чоң-Алай районунун башкы имам хатиби Эрмекбай Ташбеков жана Алай районунун имам хатиби Тиллабай Кадыров иш кагаздарын жүргүзүү жана мечит имамдарынын өздүк делолорун даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер менен тааныштырышты. Жыйынтыгында имамдарга иш кагаздарын жүргүзүүнү электрондук системага өткөрүп, кат алышуу системасын жолго коюу, өздүк делолордун жана жалпы документтердин электрондук базасын түзүү тапшырмасы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×