Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Чүй облусу, Токмок 19.05.2019 00:27 На русском

Токмокто 9-кабаттан секирип бараткан кишини кийиминен кармап калышты. Сүрөт

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында 37 жаштагы киши көп кабаттуу турак үйдүн 9-кабатынан секирүүгө аракет жасады. Бирок аны өз убагында ӨКМдин куткаруучусу менен милиция кызматкери сактап калышты, деп билдирди аталган түзүмдүн басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, аталган факт Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын 9-кабатында катталган.

“Бүгүн, 18-майда саат 19:52 чамасында куткаруу кызматына жергиликтүү тургундар тарабынан 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган киши тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана милиция кызматкерлери саат 20:01де барып, аны саат 20:24дө сактап калышты.

37 жаштагы киши серүүгө аракет жасап жатканда анын кийиминен кармап калышкан”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Аталган түзүм кошумчалагандай, 37 жаштагы кишини өлүмдөн куткаруучу Улан Солтоев менен милициянын ага лейтенанты Руслан Орозбаков сактап, ага түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Буга чейин Жантаев көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйдөн өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаш кызды куткарып калышкандыгы кабарланган.

ӨКМ маалымдагандай, 2018 жылдын 9-июнунда саат 17:42 чамасында айтылган дарекке аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жөнөтүлгөн. Алар жеткенге чейин кызды 9-кабаттан жергиликтүү тургундар алып түшүүгө жетишкен.

Күбөлөрдүн айтымында, аталган кыз 13-14 жашта болгон.

«Токмок шаарындагы Жантаев жана Шамшы көчөлөрүнүн кесилишинде толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу турак үй жайгашкан. Ал кыз ошол үйдүн эӊ жогорку кабатынын терезесинен бутун салаӊдатып шектүү отурганын көрүп, дароо ӨКМдин кызматкерлерине телефон чалдык. Кыз бизди көрүп артка жылды да, жерге түшүп качып кетти. Ал кетери менен 2-3 мүнөттөн кийин куткаруучулар келди», - деп билдиришти күбөлөр.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылдын 9-июнь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында милиция кызматкерлерине Токмок шаарындагы толук курулуп бүтө элек имараттын 9-кабатында бир кыз отургандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге дароо аймактык тескөөчүлөр жана жаш өспүрүмдөр менен иштешкен милиция кызматкерлери барган маалда кыз ӨКМ кызматкерлеринин жанында болгон. Териштирүү учурунда 2002-жылы туулган Б.Н. аттуу кыз 10-класстын окуучусу экени аныкталган. Кыздын милиция кызматкерлерине берген көрсөтмөсүндө, ал 9-июнда болжол менен саат 17:00 чамасында үйүнөн сыртка сейилдеп чыккан. Аталган имараттын 9-кабатына чыгып, сельфи жасап сүрөткө түшкүсү келген.

«Кыздын 9-кабатта отурганын көргөн ылдый жактагы тургундар, "бери түш" деп кыйкырышканда, ал өзү эле түшкөн. Андан соӊ ӨКМ жана биздин кызматкерлер барган. Кызды милиция кызматкерлери үйүнө жеткирип, ата-энеси менен баарлашып, аталган имаратка экинчи чыкпоосун айтып түшүндүрүшкөн», - деп айтылат маалыматта.

------------------------------------------------------

Токмок шаарында толук курулуп бүтѳ элек кѳп кабаттуу үйдѳн 8-класстын окуучусу боюн таштап каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына өздүк булактар билдиришти.

Бул окуя болгонун Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, окуя 2017-жылдын 29-ноябрында саат 16:30 чамасында катталгандыгын маалымдады.

«Ошол күнү милиция кызматына толук курулуп бүтө элек кѳп кабаттуу үйдѳн 15-16 жаштардагы кыз кулап түштү деген маалымат келген. Окуя болгон жерге биздин кызматкерлер барышкан. Өзүнүн боюн таштаган кыз 2002-жылы туулган, 8-класстын окуучусу А.Э. экендиги аныкталган. Ал кыз дароо аймактык ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы 2 күндѳн кийин ооруканада каза болду. Бул боюнча учурда тергѳѳ иштери жүрүп атат», - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, кыздын ата-энеси Россияда эмгектенишет. Ал Токмокто таята, таенесинин колунда жашачу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×