Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуЧоң-Алай району 28.05.2019 09:58 На русском

Чоң-Алайда унаа жолго коркунуч жараткан дарыянын жээги бекемделип жатат (сүрөт)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү Кара-Кабак айылында ашар жолу менен дамба курулуп жатат. Бул тууралуу айылдык кеңештин төрагасы Ислам Эрмаматов билдирди.

Анын айтымында, Кызыл-Суу дарыясы жыл сайын жаз мезгилинде эл аралык маанидеги унаа жолуна жана көпүрөлөргө коркунуч жаратып келет.

«Кызыл-Суу дарыясындагы суунун деңгээли Тажикстан менен байланыштырган стратегиялык унаа жолуна жана жаңы курулган көпүрөгө чейин жетет. Учурда узундугу 560 метр болгон дамба курулуп баштады. Айыл өкмөт дотацияда турганына карабастан, жергиликтүү бюджеттен керектүү материалдар үчүн 200 миң сом бөлүнгөн. Жумуштарга жергиликтүү тургундар дагы тартылган», - деди Ислам Эрмаматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×