Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 15.06.2019 11:40 На русском

Галстукчан Витька аксакал 10 жылдан бери тоодо жашап, күндө аба ырайын кагаз бетине түшүрүп келе жатат. Видео

Turmush -  Аксы районунун Итагар айылындагы жайлоодо жашаган Виктор Михайлов 10 жылдан ашык убакыттан бери күндө аба ырайын кагаз бетине түшүрөт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышып кайтты.

Өзүнүн айтымында, өмүрүндөгү эң жогорку температура 1998-жылы катталган.

«1998-жылы жай айында 44 градус ысык болгон. Андан бери андай ысык каттала элек. 40-41 градус ысык болот. Бирок 44 градус ысык кайталана элек. 2008-жылы кышы менен Итагар жайлоосунда жашагам. Ошол жылы 1 метр кар жаап, -25 градус суук болгон. Калган жылдары азыркыдай эле аба ырайы кайталанат», - деди ал.

Каарманыбыз айлардын жаңырышын карап, алардын кандай чыгарын дагы салыштырган.

«Негизинен мен 1996-жылдан бери ушул жайлоодо жашап келем. Колум бош учурда аба ырайын өлчөгөн градусникти карап, дептерге аны түшүрө берем. Канча мүнөт жамгыр жааганын, кар канча калыңдыкта жааганына чейин жазам. Өзүмдүн кызыгуум болгондон улам ушул ишти жасап жатам. Мен үчүн бул жакшы маалымат. Кимдир бирөөлөргө кызык болбошу мүмкүн, бирок мен үчүн кызыктуу. 2009-жылы айлардын жаңырышын такай карадым. Ай ар түрдүү чыгат экен. Алардын көрүнүшүн дептерге түшүрдүм. Айга карап 1 айлык аба ырайын болжолдоп айтышат. Бирок мен айдын жаңырышына карап 1 айлык аба ырайын аныктай алган жокмун», - деди ал.

75 жаштан ашкан аксакалдын мойнунан галстук түшпөгөндүктөн эл аны Галстукчан Витька деп атап алган. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 10 неберенин атасы. Кыргыз, орус тилдеринде так сүйлөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×