Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуЧоң-Алай району 17.06.2019 21:00

Чоң-Алайда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр айылына арка куруп беришти (сүрөт)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылына жаңы арка курулду. Аны «Ак-Суу» орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү куруп беришти. Бул тууралуу демилгечилердин бири Майрамбек Саитжалалов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, алар алгач айылдагы мектептин көйгөйлөрүн сурашкан.

«Эки кабаттуу жаңы мектеп спорт залы менен салынгандыктан көйгөйү деле жок экен. Айылдаштардын сунушун угуп көрдүк. Алар айылдын башында "Кара-Тейит" деген жазуу жок дешти. Анан 12 классташ балдар болуп акча чогултуп, 300 миң сомго арка куруп бердик. Жеке ишкер досторубуз көбүрөөк акча чыгарышып, айылдын аксакалдарына чай берип, батасын алдык. Классташ кыздарды дагы сыйладык. Андан тышкары аркага прожектор, жанына төрт электр мамычасын орнотуп бердик», - деди Майрамбек Саитжалалов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×