Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 27.06.2019 22:13 Жаңыланды: 25.08.2019 13:40

Элдик уламыш: Суудан бугулардын башы табылып, жоокерлер 2 ай түнөгөн жайлоо (сүрөт)

Бугу-Баш жайлоосу
Бугу-Баш жайлоосу

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Бугу-Баш жайлоосу Карамык айылынан 21 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жекенди айыл өкмөтүнө караган Карамык айылынан аталган жайлоого ат менен 4 саатта, унаа менен 1 саатта жетсе болот. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чоң-Алай районунун тургуну, тарыхчы Чолпонбай Назарали уулу билдирди.

Анын айтымында, бул жайлоодо илгери бугулар көп байырлагандыктан Бугу-Баш деп аталып калган.

«Бугу-Баш жайлоосундагы суудан бугунун мүйүздөрү, баштары көп табылчу. Бул жерди тээ илгери бугулар байырлаган экен. Жайлоонун жанында Улак-Жай, Ак-Таш, Туз-Кепе жайлоолору орун алган. Илгери Улак-Жай жайлоосуна чыккан жергиликтүү тургундар ат оюндарын өткөрүшүп, улак тартыш ойногону үчүн улак чабылчу жай, Улак-Жай деп аталып калган.

Ал эми Туз-Кепе жайлоосу эл ичинде Туз жайлоосунан туз алып келип, кичинекей кепеге эс алышканы үчүн Туз-Кепе аталып калган деген божомолдор айтылып келет. 1999-жылы Баткен окуясы башталган кезде Тажикстан менен чектешкен дал ушул Бугу-Баш жайлоосунда Кыргызстандын аскер күчү жайгаштырылып, жоокерлер 2 ай түнөшкөн», - деди тарыхчы.

Буга чейин Turmush басылмасы Бугу-Баш жайлоосунда балыкчылар балык кармоого барып, суудан бугулардын мүйүздөрүн табышканын жазган. Ал мүйүздөр В.И.Ленин атындагы орто мектептин музейинде сакталган. Бугу-Баш жайлоосу чоң жайлоолордун бири. Деңиз деңгээлинен 4700 метр бийиктикте орун алган. Жайлоонун артында Шумкар зоосу бар. Ал 6000 метр бийиктикте турат. Аталган зоого бүркүттөр, шумкарлар уялашат.

Ошондой эле Turmush басылмасы Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Карамык айылындагы байдын 4 аялынын атын алып жүргөн 4 кичи жайлоо бар экенин жазган.

Толук маалымат бул шитемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×