Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуЧоң-Алай району 30.07.2019 11:14 На русском

Ленин чокусунан түшүп жатканда дайынсыз болгон турист изделүүдө

Turmush -  Ош облусунда дайынсыз жоголгон туристти издөө иштери уланууда.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 27-июлда аталган турист Ленин чокусунан түшүп жатып, саат 18:40та байланышка чыккан. Андан кийин анын дайыны чыкпай калган.

29-июль күнү издөө иштерине ӨКМден 6 куткаруучу, мындан тышкары туристтик компаниядан 6 куткаруучу жана авиакомпаниядан 1 тик учак тартылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 1974-жылы туулган И.И. Россиянын жараны болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×