Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуЧоң-Алай району 05.08.2019 15:11

Ленин чокусунда россиялык альпинисттин денесин табышты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чоң-Алай районунда Ленин чокусунан түшүп келе жаткан Россия Федерациясынын 1974-жылы туулган тургуну И.И.нин денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, И.И. Кыргызстанга эс алганы келген. Ал 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп келе жатып акыркы жолу саат 18:40та байланышка чыккан жана ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес. 4-август күнү аны издөө иштерине ӨКМден 10 куткаруучу, «Ак-Сай Трэвел» туристтик компаниясынан 6 альпинист тартылып, туристтин денеси 6 миң 200 м бийиктиктен табылган.

Бүгүн, 5-августта маркумду 3 миң 800 метр бийиктикте жайгашкан базалык лагерге алып түшүшкөн.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош облусунун Чоң-Алай районунда Россия Федерациясынын жараны 27-июль күнү саат 18:40 чамасында Ленин чокусунан түшүп келе жатып дайынсыз жоголгонун жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×