Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Ош облусуЧоң-Алай району 09.08.2019 11:28

Чоң-Алайдагы мөңгүдөн келе жатканда бутун сындырып алган туристке куткаруучулар жөнөп кетишти

Фото: Михаил Запоточный
Фото: Михаил Запоточный

Turmush -  7-августта Чоң-Алай районундагы Түндүк-Кымыздык мөңгүсүнөн келе жатканда жаракат алган Россиянын жаранына жардам берүү үчүн куткаруучулар жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал жакка Россиядан келген 6 турист эс алганы барган. Мөңгүдөн түшүп келе жаткан 1988-жылы туулган Р.Л. аттуу адам бутун сындырып алып, куткаруучулардан жардам сурап кайрылган. Куткаруучулар Карамык айылына жетип түнөп калышты. Жардам көрсөтүү иштери бүгүн да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×