Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 27.08.2019 18:13 На русском

Чоң-Алайда 70 жаштагы аксакал көзү тирүүсүндө өзүнө аш өткөрдү. Видео

Turmush -  Чоң-Алай районуна караштуу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 70 жаштагы тургуну Камил ажы Абдижапаров көзү тирүү кезинде өзүнө аш өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Камил ажы Абдижапаров ысырапкорчулукту жоюу максатында ушундай кадамга барганын билдирди. Анын айтымында, аш өткөрүү «бизнеске» айланып кеткен.

«Кээ бир адамдар балдарына “мени эл көргүдөй кылып көмгүлө” деп айтат экен. Мен балдарыма “мен өлсөм, мал сойбогула” дедим да, азыр эле аш өткөрүп койдум. Жубайым экөөбүз тең жакындарыбызга кийит, конверт алып келбегиле деп эскерттик. Мал алып келсеңер, кайра унааңарга салып берем дедим. Ушундай жол менен башкаларга үлгү болуп, ысырапкерчиликти токтотоюн деген ой келди. Адам каза болгондо аны менен 3 күн коштошуп, бардык көңүл каза болгон адамга бурулушу керек. Бизде өлүктү жаап коюшат да, мал союу, эт жеткирүү, баштык берүү менен алек болуп жатышат», - дейт Камил ажы Абдижапаров.

Аксакалдын 5 уул, 2 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×