Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 28.08.2019 12:02 На русском

Видео — Чоң-Алайдагы токойго жумурткасы Россиядан алынып келген кыргоолдор коё берилди

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Көк-Жар токоюна 13 кыргоол коё берилди. Бул тууралуу Ош—Баткен аңчылар жана балыкчылар коомунун мүчөсү Эркинбай Бакиров билдирди.

Анын айтымында, 4 жыл мурун Ноокат районундагы токойго дагы кыргоолдор кое берилип, учурда алардын саны 100дөн ашып калды. Ал эми Кыргызстандын токойлорунда канаттууларды көбөйтүү максатында кыргоолдордун жумурткалары Россиядан алынып келингенин Ош—Баткен аңчылар жана балыкчылар коомунун төрагасы Абдимажит Алыкулов билдирди

«Учурда бир кыргоолду жетилтүүгө 1,2 миң сом акча сарпталып жатат. Өзүбүздүн коомдун бюджетинен Чоң-Алай районундагы токойго кыргоолдор коё берилди. Эми Өзгөн, Баткен, Кара-Суу райондорундагы токойлорго да коё берүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×