Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 06.12.2019 20:00 На русском

Сүрөт — Жекенди айылынын кыш мезгилиндеги кооздугу

Turmush -  Жекенди айылы Чоң-Алайдын батыш тарабында жайгашкан. Тажикстандын Жерге-Тал айылы менен, ошондой эле Чоң-Алайдын Чулук, Шибээ, Кара-Мык айылдары менен чектешет. Айылда 210 түтүн бар.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылда таза суу маселеси жок. Ар бир жашоочу үйүнө суу киргизген. Айылда 1 мектеп, бала бакча, оорукана жана спорт зал бар.

Жекенди айылы караган Жекенди айыл өкмөтүндө кыш мезгили 4-4,5 айга созулат. Калктын басымдуу бөлүгү мал чарба, дыйканчылык менен алектенет.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×