Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 10.12.2019 16:53

Жекенди айылы жаңы мектепке муктажбы? Директор менен жетекчинин кайчы пикири (сүрөт)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Жекенди айылындагы Кыргызстан орто мектебинин имаратынын эскилиги жетип, окуучулар үчүн класстар жетишсиз болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Адина Жусуп кызы билдирди.

Анын айтымында, класстар жетишсиз болгондуктан, окуучуларга олимпиадаларга даярданганга мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Андан тышкары бир класста 30-35 окуучу окуйт.

Кыргызстан мектебинин биринчи корпусу 1969-жылы курулган. Имарат ӨКМ тарабынан авариялык абалда деп табылып, окуу процесси токтотулган. Мектеп директору Абылкасым Өмүрзаков 2000-жылы мектептин 2-корпусу курулганын билдирди.

«Жекенди айылында бир эле мектеп бар. 1969-жылы курулган корпуста сабактар өтүлбөйт. Экинчи корпусу 300 окуучуга ыңгайлаштырылып убактылуу курулган. Ашкананын жоктугунан класстарды ашкана катары пайдаланып алганбыз. Мектепте 17 класс бар. 336 окуучу 2 нөөмөт менен окуп жатышат. Класстын жетишсиздигинен алыстан каттаган 40-50 окуучу башка айылдардагы мектептерге кетип калышкан. Мурда мектепте 400 окуучу окучу. Эң алыстан келген окуучунун үйү мектептен 2,5 км алыстыкта жайгашкан. Жаңы мектептин курулушу боюнча тиешелүү жерлерге оозеки айтып, кат дагы жолдоп көрдүк. Жаңы типтеги мектеп курулса жакшы болмок», - деди Абылкасым Өмүрзаков.

Чоң-Алай районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев район боюнча авариялык абалдагы 2 мектеп бар экенин, 1 мектептин курулуш иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Жекенди айылында 2 корпустан турган мектеп бар. 300 орундуу болгон 2-корпусунда учурда 310 окуучу билим алат. Аталган айылга азырынча жаңы типтеги мектеп куруунун муктаждыгы жок. Районубузда өтө начар абалдагы 2 мектеп бар. Алардын бири Эсенгелди уулу Максатбек атындагы орто мектеби. Ал көп жылдардан бери авариялык абалда турат. Учурда анын ордуна жаны мектептин курулуш иштери башталып, ал 2020-жылы пайдаланууга берилүү алдында турат. Экинчи авариялык абалдагы мектеп — Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеби. Аны 2020-жылдын бюджетине киргизүү пландалып жатат. Андан кийин Кыргызстан орто мектебинин маселесин карап көрөбүз», - деди Пазыл Бактыбаев.

Учурда Чоң-Алай районундагы 17 мектепте 5 миң 594 окуучу билим алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×