Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 11.12.2019 13:06

Чоң-Алайда 295 млн сомго Шибе—Жекенди каналы курулууда. Видео

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндө Шибе—Жекенди каналынын курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Жээнбек Колдошов билдирди.

Анын айтымында, Жекенди айылынын жашоочулары сугат сууга муктаж. Ошондуктан суунун агымын көбөйтүү максатында Шибе—Жекенди каналын кеңейтүү иштери башталган. Курулуш иштерин жүргүзүү милдети 2 курулуш компанияга жүктөлгөн.

«Шибе—Жекенди каналынын курулушу 2018-жылдын ортосунда башталып, 2020-жылы пайдаланууга берүү пландалган. Учурда жумуштардын жарымы аткарылып калды. Бир курулуш компания жумуштарды Жекенди айылынан баштаган жана 144 млн сомдук жумуштар аткарылып жатат. Ал эми экинчи курулуш компания Шибе айылынан Жекенди айылына чейинки 4 км аралыктагы жумуштарды аткарат. Компания 151 млн сомдук жумушту бүтүрөт. Учурда 26 млн сомдук ишти аткарышты. Мамлекет тарабынан өз убагында акча бөлүнүп турса, Шибе—Жекенди каналын 2020-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда», - деди Жээнбек Колдошов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×