Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 23.12.2019 10:05

Чоң-Алай районундагы катуу шамал бир топ имараттардын чатырларын учуруп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 22-декабрда саат 09:30 чамасында Чоң-Алай районунун Кашка-Суу жана Чоң-Алай айыл өкмөттөрүндө ылдамдыгы секундасына 22-28 метрге чейин жеткен шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шамал Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Кабак айылында маданият үйүнүн 4 даана, Кара-Кабак атындагы орто мектебинин 5 даана шиферин, 3 үйдүн жалпы 60 чарчы метр чатырын, Кабык айылындагы 2 үйдүн жалпы 25,2 чарчы метр чатырын, Ачык-Суу айылындагы 2 үйдүн жалпы 71,7 чарчы метр чатырын, Кашка-Суу айылындагы 5 үйдүн жалпы 398 чарчы метр чатырын учуруп кетти. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Жаш-Тилек айылындагы 2 үйдүн жалпы 30 чарчы метр чатыры жана Дароот-Коргон айылындагы 2 үйдүн жалпы 105 чарчы метр чатырын шамал учурду.

Ошол эле күнү саат 11:00 чамасында Алай районунун Талды-Суу жана Сары-Таш айыл аймактарында ылдамдыгы секундасына 22-24 метрге чейин жеткен шамал катталды. Анын кесепетинен Талды-Суу айылында 3 үйдүн жалпы 26 даана шиферин жана Сары-Таш айылындагы 3 үйдүн жалпы 79 чарчы метр чатырын шамал учуруп кетти. Бүгүн, 23-декабрь күнү жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кырсыктын чыгымдарын тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×