Бөлүмдөр
Жума, 24-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 23.12.2019 10:30

Сүрөт — Чоң-Алайдагы катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти

Turmush -  Чоң-Алай районунда катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Кечээ, 22-декабрь күнү Чоң-Алай районунда катуу шамал болуп, анын кесепетинен Кашка-Суу, Ачы-Суу айылдарындагы болжол менен 5-6 үйдүн чатыры учкан. Учурда өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери келтирилген чыгымды жана чатыры учкан турак жайлардын санын аныктап жатышат. Адамдар жабыркаган эмес.

ӨКМ кечээ, 22-декабрда саат 09:30 чамасында Чоң-Алай районунун Кашка-Суу жана Чоң-Алай айыл өкмөттөрүндө ылдамдыгы секундасына 22-28 метрге чейин жеткен шамал катталганын билдирген.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×