Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 28.12.2019 15:00

Чоң-Алайда маркумду акыркы сапарга узатууда 3 күн мал союуга тыюу салынды. Видео

Turmush -  Чоң-Алай районунда маркумду акыркы сапарга узатууда 3 күн мал союп, ысык тамак берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Чоң-Алай районунун башкы имамы Эрмекбай ажы Ташбеков билдирди.

Аталган чечим 24-декабрда Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын борбордук мечитинде маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча жыйында чыгарылган.

«Жыйынга райондогу айылдардын имамдары жана жергиликтүү тургундар катышып, аза күтүп жаткан үйдө 3 күн мал союп, ысык тамак берүүгө тыюу салганга баары макул болду. Маркумду акыркы сапарга узатып жаткан үй-бүлөнүн кошуналары чогултуп берген каражатка узактан келген меймандар үчүн гана сый тамак даярдап берүүгө уруксат бердик. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында айрым аймактарда тойго кеткен каражаттан да көп чыгаша болуп жатышат. Бизде алгач ар бир мечитте беш адамдан турган комиссия түзүлүп, ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча демилге көтөрүлгөн. Колунда бар адамдар тажыяга кеткен каражатты кайрымдуулук иш-чараларына жумшасын. Мисалы, айылга көпүрө, жол курууга, суу чыгарууга сарптасын», - деди Эрмекбай Ташбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×