Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-январь
Ош облусуЧоң-Алай району 13.01.2020 09:37 На русском

Видео — Чоң-алайлык тургун карышкырды 3-4 саат кууп жүрүп, тирүүлөй кармап алды

Turmush -  10-январда Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Мык айылынын 57 жаштагы тургуну Исматилла Жолчубаев карышкырды тирүүлөй колго түшүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга И.Жолчубаев өзү билдирди.

Анын айтымында, буга чейин карышкыр бир кой, бир тайын жеп кеткен. Мындан сырткары коңшу айылдардагы кой-эчкилерге да кол салган.

«9-январь күнү эртең менен уулум, инилерим менен бирге атайын карышкырлардын артынан түшүп, токойго бардык. Ал жактан качып бара жаткан карышкырды көрүп, аны 3-4 саат ат менен кубаладык. Иним чарчаган карышкырды кууп жетип, колундагы чоң таяк менен карышкырдын башына чаап, колго түшүрдү. Учурда карышкыр уулумдун үйүндө кармалып турат. Эми аны сатып, бир кой менен тайдын акчасын чыгарып алабыз», - деди Исматилла Жолчубаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×