Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 21.05.2014 17:26

Чоң-Алай аймактык айылдык кеңешинин депутаттары Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты

Turmush -  Бүгүн, 21-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай аймактык айылдык кеңешинин депутаттары Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттеринин иши менен таанышкан жергиликтүү депутаттар парламент жыйынынын жүрүшүнө күбө болушту.

«Мамлекеттин негизги таянычы - бул аймактар. Ошондуктан, мындай жолугушуулар, тажрыйбаны байытууга багытталган иш-чаралар аймактар менен борборду, борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы байланышты чындоого багытталган эң натыйжалуу жол десе болот», - деди Чоң-Алай айылдык кеңешинин депутаты Абдысалам Бөрүбаев.

Эске салсак, буга чейин да республиканын аймактарынан жергиликтүү кеңештердин депутаттары Жогорку Кеңешке экскурсияга келип, депутаттар менен жолугушууларды өткөрүп, фракция, комитеттердин иши менен таанышып кетишкен. Бул тажрыйба салтка айланып, Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин карым-катышын бекемдөөгө, парламенттин ишинин ачыктыгын жогорулатууга багытталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×