Turmush — Ош облусунун Чоң-Алай району үчүн 2022-жыл жемиштүү жылдардан болду. Анткени райондогу агрардык өнүктүрүү, суу чарба, ветеринария башкармалыктары, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чоң-Алай филиалы, токой чарбасы жана жайыт комитеттери менен биргеликте элдин жашоосун жакшыртуу максатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.
Чоң-Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, дыйкандар арзан баада дизелдик отун менен өз убагында камсыздалса, багбандар үчүн атайын окуулар уюштурулган. «Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоорунун негизинде жеңилдетилген насыялар берилип, дыйкан-фермерлерге лизингге 15 даана трактор алганга жетишилди. Суугат суу менен камсыздоо, малдарды асылдандыруу, идентификациядан өткөрүү жаатында да иштер пландан ашыгы менен аткарылган.

2022-жыл ичинде Чоң-Алай районунун айыл чарба тармагында аткарылган иштер:
Багбанчылык — айылдык үй-бүлөнүн кирешесин арттыруунун берекелүү булагы. Мөмөлүү бак короо жайдын көркү, чарба күтүүнүн, үй тутуунун маданияты экендиги талашсыз.
2022-жылдын жазгы талаа жумуштарына район боюнча жалпы айдоо аянты 11 миң 456 гектарды түздү. Анын ичинен суулуу 11 миң 126 га жана кайракы жер 165 га түзөт. Айылдык аймактар боюнча Чоң-Алай айылдык аймагы 4 миң 321 га, Жекенди айылдык аймагы 2 миң 92 га жана Кашка-Суу айылдык аймагы 5 миң 43 га.
Айыл чарба тармагында 2022-жылда район боюнча алгылыктуу иштер аткарылды. Тактап айтканда, ички дүң продукция 2021-жылы 3 млрд 280 млн сомду түзсө, 2022-жыл 3 млрд 383 млн сомду түзүп, салыштырмалуу 102,8 млн сомго көп өндүрүлгөн же өсүү 103,1 %ды түзгөн. Мал чарбачылыгы 102,2 %, талаачылык 104,6 % ды түздү.
2022-жылы жазгы талаа жумуштарына район боюнча 1 миң 125 га аянтка арпа, 1 миң 880 га жерге буудай, 653 га бир жылдык, 2 миң 180 га картошка, 13 га жашылча жана 4 миң 542 га аянтка көп жылдык чөпкө кесек тоют даярдоого калтырылган.
Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнөн 2 миң 63 тонна арпа, 3 миң 499 тонна буудай, 222 тонна жашылча жана 36 миң 803 тонна картошка жана 42 миң 320 тонна кесек тоют жыйнап алганга жетишилди.
Жылдык кесек тоют жана айыл чарба өсүмдүктөрөн даярдоо иштери аяктап, же 42 миң 529 тонна кесек тоют даярдалып, аткарылышы 100,3% түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк 1,0-2,0 центнерге көп болду.
Сорт жаңылоо үчүн жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу максатында мамлекет тарабынан бөлүнгөн 74,4 тонна «Достойный» сортундагы Россия Федерациясынан келген арпа үрөнү, «Кара-Балык-20» сортундагы буудай жаздык үрөндөрү алынды. Бүгүнкү күндө «Айыл Банк» ААК аркылуу эки жылдык мөөнөт менен насыяга берилген.
Үрөндүк картошка кийинки жылдан Өзбекстанга экспорттоло баштайт. Ал үчүн Чоң-Алай району менен Андижан облусунун ортосунда меморандум түзүлгөн.
Жар-Башы айылындагы «Жар-Башы» айыл чарба кооперативинде картошка өндүрүү боюнча талаа күнү болуп, окуу семинарга кошуна Өзбекстан Республикасынын Каракалпакстан автономиялуу облусунун өкүлдөрү, Баткен обулусунан, Кара-Суу, Араван райондорунун дыйкандары жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Абдибаит Акматов, Чоң-Алай, Жекенди, Кашка Суу айыл өкмөттөрүнүн башчылары, дыйкандар катышты.
Жыйынтыгында «Жар-Башы» айыл чарба кооперативинин өндүргөн үрөндүк картошкасын Кара-Суу районунун «Золотая долина» АЧК, Араван районунун «Агросервис» АК кооперативтерине 650 тонна үрөндүк картошка алуу үчүн эки тараптуу келишимдер түзүлүп, Кара-Суу, Араван районунун дыйкандарына картошка үрөнүн берүүгө жетишилди.
Ошондой эле Өзбекстан Республикасынан келген өкүлдөр менен жакындан кызматташуу максатында мемарандум түзүлүп кийинки жылдары Андижан облусу менен 100,0 тонна картошка үрөнүн алып кетүү боюнча кол коюшту.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №181 тескемесине ылайык, районго бөлүнгөн 26 миң 500 литр дизелдик майын 61 сомдон сатып алуу камсыз кылынды. Ошол кезде райондогу май куюучу жайларда дизелдик отундун баасы 78-79 сомдон болуп жатты. Тактап айтканда, 15-16 сомго дыйкандар арзан алышты.
«Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоорунун негизинде жеңилдетилген насыялар бүгүнкү күндө район боюнча 204 атуулга 81 млн 828 миң сом берилген. Мунун ичинен мал чарбачылыгына 128 атуулга 56 млн158 миң сом, ал эми дыйканчылыкка 76 атуулга 25 млн 670 миң сом берилди.
Банктар боюнча «Айыл Банк» ачык акционердик коому 78 атуулга 37,0 млн сом, ал эми «РСК Банк» 126 атуулга 44 млн 828 миң сом насыя берген. Өткөн 2021- жылга салыштырмалуу 21 млн 133 миң сомго көп берилген.
Айыл чарба техникаларын дыйкан фермерлерге лизингге берүү боюнча жылдан-жылга жакшы жылыштар болуп жатат. Быйыл 15 даана ар түрдүү ат күчүндөгү тракторлор алынды.
Райондо кайра бөлүштүрүү фондусунун жер аянты 2 миң 990 га түзөт. Анын ичинен суулуу жер 2399 га, кайрак жер 118 га жана чөп чабынды жер 473 га.
Айыл чарба жерлерин жана мал чарбасын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын андан ары өнүктүрүү, айыл чарба продукциясы ,чийки зат жана азык-түлүк рыногун жөнгө салуу боюнча президенттин жарлыгын жана Министрлер кабинети тарабынан 2021-жылы 17-декабрда кабыл алынган токтомунун жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомунун негизинде айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин айылдык аймактар боюнча жер аянттары, контурлары жана жайгашкан жерлери, карталары такталып чыгылды. Келишим мөөнөттөрү такталды.
Айыл чарба мамлекеттик фондусунун жерлерин кабыл алынган жобого ылайык райондо түзүлгөн жумушчу комиссия өз ишин жүргүзүп жатат.
Дыйкандар үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздалды
Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгында Алтын-Дара Р-1 (сол) 1,6 км каналдын нугу бетондолду. Андан сырткары суу чарбасы боюнча 25,28 км каналдын нугу механикалык жол менен тазаланды. 22 даана суу бөлүштүрүү курулмалары курулду. Бул өз кезегинде дыйкан-фермерлерге сугат суусун коромжосуз жеткирүүгө өбөлгө түзөт.
Райондук суу чарба башкармалыгы 2021-жылы 13,5 млн м3 сугат суусу менен камсыз кылган. Ал эми 2022-жылы дыйкан-фермерлер 24,0 млн м3 сугат суусу менен камсыз болду.
Суу чарба башкармалыгынын техникалык базасын капиталдык оңдоодон өткөрүлдү
Райондук суу чарба башкармалыгынын техникалык базасын капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүү үчүн 2374,9 миң сом акчакаражаты бөлүнүп, 12 даана механизимдер жана автомобилдер оңдоодон өткөрүлдү.
Тараша каналын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 25,0 млн сомго долбоор түзүлүп, 2023-жылдын планына киргизилен. Мындан сырткары 2,4 км Алтын-Дара Р-1 (сол) каналдын нугун бетондоо үчүн 9,150 млн сом, ал эми механикалык тазалоо үчүн 6,9 млн сом акча каражаты 2023-жылдын сметалык планына сунушталган.
Жайыт комитети тарабынан көпүрөлөр курулуп, жайытка баруучу жолдор оңдолду
Район боюнча жайыт комитеттеринин бюджети 3 млн 535 миң сомду түзөт. Жайыт комитеттери боюнча алганда Чоң-Алай жайыт комитети 1627,0 миң сом, Кашка-Суу жайыт комитети 1381,3 миң сом жана Жекенди жайыт комитети 527,0 миң сом. Аткарылышы боюнча жылдык планда 3595,6 миң сом өндүрүлүп, план 101,7 % аткарылган. Мунун ичинен 1590,6 миң сом жайыт акы, калган 763,6 миң сом эмгек акы. Инфраструктураларды оңдоого 864,3 миң сом (көпүрөө, жол, суу кирүүчү) жайларга жумшалган.
Кашка-Суу жайыт комитетинде 11 миң 378 баш сырттан келип, райондун бюджетине 796 миң 460 сом төгүлгөн.
Малдарды асылдандырууга басым жасалууда
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын иш-чараларына ылайык, 2017-2022-жылдар аралыгында Ош облустук окутуу жана кеңеш берүү борбору (TES центр) менен биргеликте иштеп, 2022-жылы 25 баш бука 120,0-140,0 миң сомдон жана 18 баш кунаажындарды Украинадан алынып, дыйкан-фермерлерге таркатылды.
Ири мүйүздүү малдардын асылдуулугун жогорулатуу максатында 4-5 жылдан бери Абердин-Ангусс породасындагы малдын башын көбөйтүү колго алынды. Жасалма уруктандыруу боюнча Жекенди айыл аймагында жолго коюлуп, Швид, Симменталь, Абердин-Ангусс породалары менен уруктандырууда.
Ал эми 2022-жылдын башынан ушул күнгө чейин 58 баш уй жасалма жолу менен уруктандырылган. Ветеринардык башкармалыгына бодо малдарды идентификациядан өткөрүү үчүн 71 миң даана бирка келип түшкөн. Бүгүнкү күндө 57 миң 681 баш кара мал идентификациядан өткөрүлдү. Мындан сырткары 2019-жылы октябрь айында 6 миң 800 даана чип келип түшкөн. Пландалган жылкы — 4 миң 448 баш, бүгүнкү күндө 4 миң 450 баш жылкыга чип басылды же болбосо 100,0 % аткарылган.
Асыл тукум кой чарбаларын идентификациялоодо райондун аймагында «Төр-Өтөк» асыл-тукум кой чарбасы 189 баш кой идентификациядан өткөрүлүп, Жикс киргизилген.
Багбанчылыкка кызыккандардын саны өсүүдө
Тамак-аш коопсуздугу боюнча райондун аймагында 18 объекти текшерилип, түзөтүүлөр жүргүзүлгөн.
Жылдан жылга райондо багбанчылыкка кызыгуу пайда болуп, ушул жылдын 12-февралында багбанчылык боюнча Борбордук Азия коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекболот Гламов семинар-кеңешме өткөрдү. Семинар кеңешмеге 100дөн ашык атуулдар катышып, суроо-жооптор менен жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Семинарда райондун климаттык шартына ылайык келген алманын «Байка», «Победа» жана «Хриптон», малина сортунан «Полка», «Красная Москва» жана «Моравелла», гилас сортунан «Валовая-3» көчөттөрү сунушталды.
Райондук токой чарбасынын жалпы аянты — 43 миң 439 га. Аны ничинен 16 миң 800 га жайыт, 5 миң 320 га токой каптаган аянт, 65 га чөп чабынды жерлер, 1,0 га питомник, 21 миң 255 га ар түрдүү категориядагы жерлер. 1,0 га жердеги питомникте Ак кайың, Тянь-Шань карагайы, кызыл карагай, арча жана башка тал-теректердин түрлөрү өсөт.
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Чоң-Алай филиалында 7 штат бирдиги бар. Анын ичинен 6 адис штаттык бирдикте, 1 кенже кызматкер өзүн өзү каржылоо системасы боюнча иш алып барууда. 2022-жылдын жыл ичинде 3 миң 114 арыз түшүп, бардык арыз мыйзам чегинде аткарылды.
Мындан сырткары дыйкан-фермерлерди өз убагында мал чарбасын өркүндөтүү жана жазгы талаа жумуштарын уюштурууда «РСК банк» жоопкерчилиги чектелген коому жана «Айыл банк» жоокречилиги чектелген коомдору тарабынан алынуучу 10 % жеңилдетилген кредиттерди, турак жайларды калыбына келтирүүдөгү 7 % ссудалардын документтерин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн буйругуна ылайык атуулдарга өз убагында жеңилдетилген таризде ссуда алууларына жардам берилди.
Райондун аймагындагы үйлөрдүн даректерин тактоо боюнча адрестик реестр жана ГИСАР программасы боюнча иш алып барылууда.